Чүй облусундагы жатак-абагы камактагыларды сүт менен камсыз кылуу үчүн 20 уй сатып алууну көздөөдө

Дата: 17:25, 17-10-2016.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №26 жатак-абагы 1,5 миллин сомго ири мүйүздүү мал сатып алат.

Мекеменин башуы бухгалтери Касмалы Эшматовдун билдирүүсү боюнча, 20 саан уй сатып алууга тендер жарыяланган.

«Биз башка абактарга да сүт таратып туруу үчүн уй сатып алганы жатабыз. Буга чейинки уйларды этке өткөрүп, жаш кунаажындарды алабыз», - деди К. Эшматов.

Поделиться новостью: