Бишкекте wi-fi жеткиликтүү болгон алгачкы аялдама пайда болду
Бишкек. 19-июль. КирТАГ – Бишкекте wi-fi жеткиликтүү болгон биринчи аялдама пайда болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек муниципалитетинин колдоосу астында, пилоттук долбоор катары Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада Wi-Fi жабдуусу орнотулду», - деп айтылат билдирүүдө.
Долбоордун автору «Green Light» компаниясы.
SmartBusStop (Кошулган аялдама) долбоорунун алкагында демилгечи топ тарабынан, Wi-Fi технологиясы аркылуу шаар тургундарына интернет жеткиликтүү болсун үчүн атайын жабдуу орнотулган. Жабдуу бир эле маалда 100гө чейин колдоуучуларды тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ жана it-коопсуздугунун заманбап талаптарына жооп берет.