КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:37 | 27 чын куран

Абылгазиев: Октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

Дата: 16:34, 23-08-2019.

Бишкек. 23 - август. КирТАГ - Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү Өкмөттүн алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон.

«Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт», - деди ал.  

Жыйынтыгында Өкмөт башчы мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалап өттү.

Поделиться новостью: