Улуттук банктын алтын куймалары жөнөкөй калк үчүн жеткиликтүү эмес
Бишкек. 25-май. КирТАГ — Кыргызстандын Улуттук банкы калкка сатуу үчүн алтын куймаларын чыгара баштаган, мындай ыкма калкка өз каражаттарын алтында сактоого өбөлгө болмок.
Бирок КирТАГ жүргүзгөн сурамжылоодон, бул ыкма азырынча көпчүлүккө жеткиликтүү эмес экендигин көрсөтүп койду.
Жанара Мамбеталиева,мугалим:
«Мен азырынча алтын куймаларда сактоого кудуретим жетпейт, себеби менин таап жаткан кирешем каражатты кайсы бир нерседе сактоого жол бербейт. Мүмкүн келечекте бул ыкманы колдоноормун. Менин оюмча, каражатты чындыгында долларга караганда баалуу металда сактаган туура».
Медет Тулебердиев, экономист:
«Мен алтынга инвестициялоого даярмын, себеби алтын баасын жоготпойт. Баалуу металлга салынган инвестиция доллар же башка валютага салыштырмалуу ишенимдүүрөөк. Маселе финансыга барып такалат эмеспи. Мүмкүнчүлүгүм болсо, албетте алтынга салмакмын».
Жанар Конушбаев, бизнесмен:
«Ашыгыраак акча болсо каражатты алтын куймада сактаганга не жетсин. Бул үчүн көп каражат керек, бирок бул долларда кармабоо үчүн пайдалуу. Бирок, анчейин деле кепилдик жок, ал жерде болгону кагаз берилет да, куйманын өзүн беришпейт».
Эрбол Эсполов,ишкер:
«Эгерде чыныгы бизнесиң бар болсо ошого салган дурус. Менин бизнесимдин рентабелдүүлүгү 30%. Менин каражаттарымды тоңдуруп сала тургандан кийин, акчамжы куймага салып не кылам. Ал жерде болгону жылына 5-10% эсептелет. Кажети жоктой. Эгерде кимдир бирөөнүн акчасы көп болуп, каяка катаарын билбей турган учурда алтын куймада сактоого болот. Алтын өз баасын кармап турат эмеспи, өтө түшүп да, өсүп да кетпейт. Кээ бирлер каражатын кыймылсыз мүлккө же унаага салат, бирок анда деле рынок туруксуз да».
Талант Джумабаев, фермер:
«Мен бул тууралуу деле ойлонуп көргөн эмесмин. Чынын айтсам, Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алуу мүмкүн экендигин да билген эмесмин. Менде ашыкча акча турбайт дагы, көпчүлүгү күзүндө акча болуп калат. Түшүмдөн түшкөн каражатка мал сатып алам. Жазында музоо, козу сатып алып, аларды кымбатыраак сатканга аракет кылам, же үйдө кармайм. Бара-бара алардын башы көбөйүп отурат, бул деле акча эмеспи. Менин оюмча, айылдыктарга каражатты алтын куймага караганда, дыйканчылыкка салганы оң».
Бектурсун Жаныбеков,зер буюмдарды сатуучу:
«Билесиздерби, өз ишимдин аркасынан түрлүү алтынды көрө алдым. Кесипкөй катары, мен алтындын сапатына жана пробасына карамакмын. Эгерде чындыгында сапаттуу болсо, чиновниктер айткандан, мүмкүн куймаларды сатып алып коймокмун. Чын чынына келгенде, алтын ишенимдүү жана туруктуу салым. Бирок көпчүлүк нерсе баасына жараша болот».
Эскерте кетсек, 19-майда, Кыргызстанда алгач ирет Улуттук банк тарабынан чыгарылган, (салмагы 1-100гр) коллекциялык монеталарды жана алтын куймаларды сатуу боюнча аукцион өткөрүлдү.