Сурамжылоо: Олигарх депутаттар Жогорку Кеңешти өз кызыкчылыгын ишке ашырган клубга айланттыбы?
Бишкек. 1 - март. КирТАГ – Мунара Боромбаева, Альбина Метерова. Жогорку Кеңешетеги «Кыргызстан» фаракциясыны депутаты Дамирбека Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы, бир гана кыргыз парламентине эмес, бүткүл саясий системанын ишмердүүлүгүнө күтүлбөгөн сокку болду.
Жогорку Кеңештин бир эмес, эки чакырылышдагы депутат кандайча кош жарандуулукту алып жүрөт? Мындай көрүнүш баш мыйзамга каршы келет. Баарынан кызыгы эл өкүлүнүн жарандыгы өлкө ичинде такталып, суракка алынса башка кеп эле. Бирок кыргыз депутатына, Казакстанда экономикалык контрабанда жана мыйзамсыз жүк жеткирүүчү кылмыштуу топтун ана башчыларынан бири болгон деген айып тагылууда. Тактап айткан кыргыз депутаты, иликтөөнүн шекжоромолу боюнча Кытайдан контрабандалык жол менен киргизилген товарларды ташыган уюшкан кылмыштуу топтун башында турган. Аталган топ миллиондогон доллар суммада мыйзамсыз товар айлантуу менен алектенгени айтылууда.
Бул сенсациялуу окуя кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, эл оозунда олигарх атка конгон, алтынчы чакырылыштагы депутаттардын канчалык тазалыгын дагы бир жолу текшерүү, көпчүлүккө белгисиз былыктарын ачыкка чыгарууга түрткү болду. Бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу органынын жылуу-жумшак орундуктарында кимдер отурат? Мандаттар кандай жол менен кимдерге бөлүштүрүлүп жатат? Ошондой эл өкүлүмүн деген азаматтар, ыйгарым укуктарын кимдин кызыкчылыгына, кандай жолдор менен колдонуп жатат? Депутаттар бир гана элдин мүдөөсү аткарабы, же бул кызматтын артында тымызын топторго кызмат кылуу милдети турабы? КирТАГ ушундай бүйүрдү кызыткан суроолордун тегерегинде Кыргызстандын жарандарына жана ошондой эле буга чейин депутаттык кызматты аркалаган мекенедештерге суроо салды.
Алмаз Акматалиев, саясат тануучу:
- Бүгүнкү күндөгү парламентти олигархтардын орду десек болот. Талапкерлердин тизмеси кандай түзүлгөнүн, биринчи бештик, ондук канча тураарын жана башка белгилерин билебиз да. Муну менен учурдагы парламентти- кызыкчылыктарды ишке ашыруучу клуб катары атасак болот. Бир долдоор катары түшүнсөк да туура деп ойлойм. Эгер кимдир бирөө дептутат болгусу келсе, Жогорку Кеңештен орунду сатып алат. Ошондуктан качан биздин парламент реформа жүргүзөт, калктын көйгөйүн чечет деген суроо, үмүт менен башты катырбай эле койгон оң. Азыркы парламенттин эч кандай принципиалдуу багыты жок. Анткени бир гана өзүн сактоо, коргоо үчүн эле иштейт.
Кармалган депутаттын окуясы боюнча бул жерден олутуу нерсе деле жок. Эгер тереңирээк иликтесе, ар бир депутаттан канчалаган былыктар чыгышы мүмкүн. Албетте, баары эле сазга батып калган десе адилетсиздик болот. Бирок чындап, териштире келгенде таза иштегендери азчылыкты түзөт. Тилекке каршы бул азчылык парламенттин атмосферасына таасирин тийгизе албайт.
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:
-Бүгүн парламентте кылмыштуу топтуп өкүлдөрү отурганы-бул шайлоо мыйзмадарындагы мүчүлүштүктөрдөн улам деп ойлом. Дагы бир маселе УКМК, ИИМ, БШК ар бир талапкерди кылдаттык менен текшериши керек. Бул мыйзмадын жөнөкөй талабы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө биздин парламентте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү отурат . Алардын ичинен ИИМнин каттосунда тургандары да бар. Муну бийлик башындагылардын баары эле билет.Учурда парламентти таратыш керек деген сөздөр айтылып жатат. Бирок азырынча «Президент жана Жогорку кеңешти депутаттарын шайлоо» боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламентти таратууга мүмкүн эмес. Анткени, бүгүн парламент тараганы менен эртең кайра эле ушул адамдар Жогорку Кеңешке келиши мүмкүн. Ошондуктан шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамды өзгөртүш керек.Ошондо гана жаңы адамдар келет.
Сейтек Качкынбаев, саясатуучу:
- Бүгүнкү күндө кыргыз парламентти ыйлайтурган абалда. Биздин парламентте саясий элита деген жок. Депутаттардын басымдуу бөлүгү, бизнестен келген орто жаштагы жарандар. Көпчүлүк парламенти таратылышы мүмкүн деп айтып жатат. Аны менен эчнерсе өзгөрбөйт. Бүгүнкү депутаттардын 80%кайра эле парламентке келет. Депутаттар жана ошондой премьер- министрликке талапкерлердин санын чектөө боюнча,мыйзамдык талаптарды баарын ийне жибине чейин тактап кайрадан жазып чыгышыбыз керек. Биз болсо саясий системага инвестиция кылбай эле, кланддык байланыштарды бекемдеп жатабыз.
Эдил Осмонбетов, саясаттуучу:
- Бүгүнкү күндө парламенттик республиканы курууга белсенип келатабыз. Кыргызстан бул багытта Борбор Азияда пионер десек жаңылышпайбыз. Парламенттин болсо, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөөчү орган катары жоопкерчилиги чоң. Бирок учурда иштеп жаткан кыргыз парламенти парламентаризм системасын өзүлөрү баш болуп бузуп жатат. Жогорку Кеңеште бизнесмендер отурат. Саясий элита деген болушу керек. Мындайча айтканда элдин камын ойлобой эле, өз бизнесин алдыга койгон ыңгайлуу, ийилчээк парламент пайда болду. Парламенттеги акыркы окуялардан улам электораттын депутаттарга болгон ишеними төмөндөдү. Ошондуктан учурдагы парламент таратылышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат.
Улан Жумаков, коопсуздук боюнча серепчи:
- Биздин депутат чет элдик атайын кызматтын иштеп чыккан объектине айланды. Бул эмнени билдирет? Бул деген узак убакыттан бери иштелип келаткан маселе болгон. Аа биздин атайын кызмат каякта жүрдү, ошондо? Эмне үчүн азыр УКМК менен башкы прокуратура үн катпай отурат? Кызык,алардын аброюуна олуттуу зыян келтирилип жатат. Башка мамлекеттин атайын кызматы бизге депутатыңар кош жарандуу деп көрсөтүп, кылмыштуу топтун башчысы катары айып тагып жатпайбы. Эмне үчүн башкы прокуратура азыр текшерүү жүргүзбөйт? БШК каякты карап отурган,ага мандат берип жатканда? Суроолор көп, бирок жооп жок.
Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болуп ,кадимкидей эл өкүлү катары айлык, сый акы алып жүргөн. Кош жарандуу, Казакстандын атуулу болуп туруп, депутат кызматка келүүгө укугу жок экени баарына эле белгилүү. Мындай учурда биздин башкы прокутартура жана атайын кызмат депутатка карата «Алдамчылык » жана «Мамлекетти сатуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгошу керек.
Кыргызстандын саясий имиджине доо кетти. Ал үчүн жоопкерчиликти ким тартышы керек?