Кыргызстандын сапат жаатындагы көйгөйлөрү. Эксперттин пикири.
- Гюльнара Тиленбаевна, сапат деген эмне экендигин айтып бериңизчи?
- Сапат, жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө – бул өндүрүмдүн же кызмат көрсөтүүнүн шайкеш келүүсүнүн деөгээли. Бул талаптардын үч түрү болот. Мыйзамдуу же милдеттүү талаптар, эрежеге ылайык, булар өндүрүмдүн коопсуздугуна талаптар, андан соң керектөөчүнүн атайын талаптары, ошондой эле жеке мекекеме тарабынан берилген талаптар. Өндүрүм канчалык деңгээлде ушул талаптарга жооп берсе, ошончолук сапаттуу боло алат. Бул аныктамадан улам, сапаттынн дэңгээли ар түрдүү боло алат. Эл аралык аныктамаларга утурлай, сапаттын градациясы болот. Товарга же кызмат көрсөтүүгө жараша, булл сорт, категория, класс ж. б.
- Жөнөкөй керектөөчү өнүм сапаттуу же сапатсыз экендигин кантип аныктай алат?
- Товар же кызмат көрсөтүү, биринчиден коопсуз болушу зарыл. Бул компетенттүү органдар тарабынан текшерилиши керек. Бул фертификаттын жана товарда же таңгакта техникалык талаптарга жооп берээрин тастыктоочу белги. Бирок сапатка болгон талап ар бир керектөөчүнүкү ар башка. Ошондуктан калганы – керектөөчүнүн табитине же капчыгына жараша.
Сапатты аныктоочу дагы бир жагдай – керектөөчүнүн канааттануусунун деңгээли. Башкача айтканда, товар керектөөчүгө жакса, демек ал – сапаттуу.
- Өнүм канчалык кымбат болсо, ошончолук сапаттуу деген ырастоо канчалык деңгээлде туура?
- Бул кеңиири тараган жаңылышуу. Көпчүлүк айтат: «Өнүм арзан болсо, демек ал – сапатсыз». Сапаттын дагы бир критерийи, бирок эл аралык стандарттарда каралбай калган – булл баа критерийи. Адамдар капчыгына жараша, же ошол өнүмгө болгон талаптарды билгенине жараша тигил же булл товарды тандашат.
Кимдир бирөө люкс классындагы унааны алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, башкасы, мисалы, «Фольксфаген Жук» унаасын ала алат. Бирок «Фольксфаген Жуктун» сапаты өз классында жогору болушу мүмкүн. Себеби, унаалардын булл классы үчүн бекитилген талаптар аткарылууда. Тескерисинче, люкс классындагы унаалар көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербей калышы да толук мүмкүн. Белнилей кетчү жагдай, өнүм же кызмат коопсуз болушу керек.
- Биздин ишканалардын сапаттан кабары барбы?
- Мен тренинг өткөрүп жатып, ишкеплерге берчү биринчи суроом: «Сиздин товар сапаттуубу?».
Мени таң калтырганы, ишкердер уялып, албетте алардын товары дагы да жетикиликтүү эмес экендигин ж. б. айта башташат. Ошондой эле ар түрдүү себептерди келтире башташат, жабдуулары эски, технологиялар эски ж. б. у. с.
Мен алардан сурайм: «Силердин өнүм кампаларда көпкө чейин жатабы? Алар – мага: «Жок». Анда эмне үчүн товарыңыз жетишээрлик деңгээлде сапаттуу деп эсептебейсиз?
Эгерде компания кандайдыр бир сапат критерийин бекитсе, жана аларды аткарып жатса, демек ал азык – сапаттуу. Башка маселе – ошол сапаттын деңгээли кандай? Адамдар сапаттын деңгээлин товардын сапаты менен алмаштырып жатканы чоң жаңылыштыу.
- Биздин өлкөдө өнүмдүн сапаты кандай камсыздалат?
- Сапатты камсыздоочу бүтүндөй система бар, ал биздин өлкөдө сапаттын улуттук инфраструктурасы болуп аталат.
Ага ким кирет? Албетте бул, өнүм өндүргөн же кызмат көрсөтүүчү бизнес. Андан кийинкиси, өкмөттүн токтомдорунда же мыйзамда камтылган, когопсуздук талаптары мыйзамдарын иштеп чыгуучу жөнгө салу органдары. Андан кийин мамлекеттик көзөмөлдөө же көзөмөл кылуучу органдар.
Дагы бир маанилүү катышуучу – стандартташтыруу боюнча орган. Биздин өлкөдө ал, стандарттарды иштеп чыгып жана кабыл алуучу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт). Ошондой эле аккредитациялоо органдары жана керектөөчүлөрдү коргоо коомчулугу да маанилүү ролду ойнойт.
- Ишканалар деңгээлиндеги абал кандай?
- Биздин ишкерлердин баардыгы эмес, бирок көпчүлүгү эмне өндүрүп жаткандыгын билишпейт. Себеби алар өз өнүмүнө болгон талаптарды билишпейт. Бизде өнүм өндүрүү кандайча жүргүзүлөт? Жасаган иши, сертификациялоо боюнча органга алып барды, сертификациялоо боюнча орган андан акча алат да ага шайкештик сертификатын тапшырат. Анан ишкер ошол сертификатка таянып: «Менин өндүрүмүм мыкты» дейт. Мен алар менен ишт...