Эсептөө палатасы балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн бейтаптарын Жаңы жылы менен куттуктады

Дата: 15:07, 29-12-2022.

Бишкек. 29 декабрь. КирТАГ - Жаңы жылдын алдында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери Энежанабаланыкоргооулуттукборборунунбалдаронкологиясыжанаонкогематологиябөлүмүнөбарышты. Төрага Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери бөлүмдүн жашпациенттерин, алардыната-энелеринжана медицина кызматкерлерин кележаткан майрамы менен куттукташты.

«Мен булооруменен күрөшүп жаткан балдардын эрдигине жана туруктуулугуна суктанам. Баарыңардын тезирээк сакайыпкетишиңерди жана булжерге кайра кайтыпкелбешиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден-соолугуңуздар мыкты болсун, бактылуу болгула. Балдар биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Баарыңарды сак-саламатта көргөндөн өткөн бакыт жок. Ошондой эле бардыкдарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер чыныгы сыйкырдуулук жаратып жатат», — деди Алмазбек Акматов.

Салт боюнча Эсеп палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Балдарга таттуу белектер, түркүн-түстүү китептер алынып, балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө даары-дармектерди сакташ үчүн муздаткычтар берилди.

«Бардыката-энелердин, бөлүмдүн кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын Эсептөө палатасына белектери үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бизге 150 миң сомго жабдууларды, белектерди сатып беришти. Мындай колдоо биз үчүн абдан маанилүү»,-деди Эне жана баланы коргооулуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын Ысык-Көлжана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Ак-Суу мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттукташты. Мекемеде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, жетимбалдар, ошондой эле ата-энеси укуктан ажыратылган балдар тарбияланат. Интернаттын директору өз кезегинде Эсеп палатасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абаджана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн жамааттары Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жана Кара-Суу районундагы керең балдар үчүн адистештирилген бакчасына жаңы жылдык белектерин тапшырууга барышты.

Источник фото: КирТАГ

Поделиться новостью: