Эмгеги сиңген эс алуунун ордуна Кыргызстандын пенсионерлери жумуш издеп, жан багуунун аракетин көрүп келишет

Дата: 16:44, 03-03-2015.

Бишкек. 3-март. КирТАГ — Бакыт Толканов. Кыргызстанда 608 миң пенсионер бар, жыл санап алардын саны өсүүдө.

Эркектер пенсияга 63 жашында, аялдар – 58 жашында чыгышат.

Бирок, пенсияга чыкса деле кээ бирлери иштеп же башка ыкма менен акча табууга мажбур. Себеби, пенсионерлердин дээрлик 60%зы 4,4 миң сом болгон - тиричилик минимумунан төмөн пенсия алышат. Алардын ичинен 8 миң адами 1,1 миң сом пенсия алса, 7,5 миң адам – 1,8 миң сом пенсия алышат, 86 миң адам – 2,6 миң сом пенсия алышат.

КирТАГ кабарчылары пенсионерлердин абалын жана эмне менен алектенээрин билгенге аракет кылды.

Кулянда Закирова, 60 жаш, Бишкек:
«Мен пенсиягы чыкканда э салам го деп ойлогон элем. Учурда азык-түлүк, дары-дармек жана коммуналдык кызматтардын баалары кымбат болгондуктан кошумча киреше табуу зарылчылыгы жаралууда. Эмми тарифтер көтөрүлүп пенсия эч нерсеге жетпейт. Бирок, жумуш табу деле оңой эмес, пенсия курагындагыларды эч ким жумушка алгысы келбейт. Жумуш табылган күндө деле маянасы жарыбаган акча болот. Эмми пенсия да, айлык да алып араң жашап келебиз».

Лариса Мельникова, 76 жаш, Кара-Балта:
«Мен 76 жаштамын, каяка барып иштейм? Менин 40 жаштагы уулум оорулуу, ал иштебейт, мен да иштебейм. Менин пенсиям жана анын майыптыгы  боюнча пенсиясына эптеп жан багып жатабыз. Пенсия бир айга жетпей калганда, үйдөн эски буюмдарымды алып чыгып сатам, кээде жүн байпак токуп сата калам».

Жаныбек Акбаралиев, 66 жаш, Ош:
«Пенсияга 2-3 жыл мурда чыккан элем, бирок менин 3 миң сом пенсиям менен жашамак турсун, жакшыраак тамактанууга да жетпей калат. Өмүр бою курулушта иштегем, жаш курагыма байланыштуу ишти таштадым. Учурда кароолчу болуп иштейм, жеке үйлөрдү кайтарып 5 миң сом айлык алам. Жумуш оор эмес, тынч, башка жумуштарга алышпайт».

Тамара Сколоматина, 68 жаш, Маевка:
«Албетте мен иштейм, кызыктай суроо го? 4 миң сом пенсия алып жашоо мүмкүн деп ойлойсуңарбы? Ал акча болгону дары-дармеке араң жетет. Бутум ооруйт, канн басымым жогору, өзүңөр түшүнөсүңөр да, карылык оңой эмес. Жумуш табу деле оңой эмес, пенсия курагындагыларды эч ким жумушка алгысы келбейт, мен өзүм тың элемин. Тааныштар аркылуу соода түйүнүндө ишке орноштум, эртең менентен түшкө чейин иштейм, кечинде кызым иштейт.
Мен үйдө отургум келет, бирок акча жетпей калат да. 4 миң сом пенсия менен балдарга жүк болуу ыңгайсыз, алардын да өзүнчө иштери бар. Өмүр бою иштегем, карыганда мамлекет бизди багат го дп ойлогон элем, бирок азыр деле иш үстүндөмүн. Жашоо ушундай экен, башка арга жок».

Айтбубу Маматаскарова, 60 жаш, Бишкек:
«Расмий түрдө иштейт деп катталган эмесмин жана эмгектик китепчем да жок, бирок мен иштейм, колум бош жүрбөйм. Эртең менен саат 9да үйдөн чыгам, кечинде саат 18:00до үйгө келем. Мурда эсимде, менин энем пенсияга чыкканда үйдө отуруп, неберелерин багып калган, себеби мамлекет берген пенсия баарына жетээр эле. Биз деле жакшы маяна алчубуз, ата-энелерибизди иштетпей багууга жетчү эле.

Азырчы? Мен өткөн жылы пенсияга чыктым, мени үч балам бар, алардын өздөрүнүн үй-бүлөлөрү бар дегендей. Мага 3 миң сомдон кичине көбүрөөк пенсия жазышыптыр, ал эмнеме эетмек эле? Мына минтип тармактык маркетинге аралашып, иштеп жүрөм. Кардарларды тартып, аларга компаниянын продукциясын сатып акча табам. Башкача айтканда жан үрөп иштейм, себеби мамлекетке ишенич жок, өзүңө гана ишенип жашаш керек».

Бурул Усубалиева, 62 жаш, Кемин:
«Мен өмүр бою мугалим болуп иштегем, эми 35 жылдык эмгек стажым бар болуп туруп, 4 миң сомдой пенсия алам. Учурда расмий түрдө иштебейм, бирок бош да жүрө албайм – бакчаны, огороду карайм, эптеп балдарга кол кабыш кылып тургум келет. Аларга деле оңой эмес да. АР жума сайын шаардагы балдарыма сүт, жумуртка, күз маалында болсо өзүм өстүргөн жемиштерден берип жиберип турам. Эми чакан бизнес ачсамбы деп да ойлойм, себеби жалгыз пенсиянын көзүн карап жашоо болбой калды.

Күчүм барда бир нерсе менен алектенсем деп ойлойм, өзүм деле бош отура албаган жанмын. Гүлдөрдүн, жашылчалардын түрдүү сортторун өстүрсөм деп ойлойм. Эгерде жакшы болуп кетсе сатабыз, болбосо кышкысын өзүбүздү таза азыктар менен камсыздап алабыз. Муну менен үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп калууга болот, мунсуз болбойт. Бирок, 60 жаштан ашкандарга насыя бербейт экен. Эми муну чечсе болот деп ойлойм. Ишсиз отурууга болбойт, иштеш гана керек. Себеби пенсионерлердин эс алуусу мүмкүн эмес нерсе».

Василий Гордеев, 64 жаш, Бишкек:
«64 жашымда көчөдө китеп сатып жан багууга мажбур болдум, себеби 5 миң сом пенсия алып жашоо мүмкүн эмес. Дары-дармек, коммуналдык кызмат акысы, башка чыгымдарга акча жетпейт. Эски китептерди сатууга туура келет. Балдарымдын деле абалы жакшы эмес, алардан акча сурап, жүк болгум келбейт».

Айке Садыкова, 55 жаш, Ат-Башы:
«Мен 55 жаштамын. Жашы курагым боюнча 45 жашымда пенсияга чыккан элем. Себеби бийик тоолуу аймакта жашайм. Учурда 4 миң сом пенсия алам. Албетте бул акча жетпейт да, ошондуктан ден соолугум бар кезде жеке ишкерлик менен алектенип жатам. Пенсия көп болсо дейм, бирок пенсияда болусо да иштей албай, үйдө отуршандарды көрүп эле жүрөм, ошондуктан буга да шүгүр дейм».  

Поделиться новостью: