«Тынчтык миссиясы -2016» машыгуусу аяктады

Дата: 17:36, 22-09-2016.

Бишкек. 21-сентябрь. КирТАГ - 2016-жылдын 21-сентябрында тоолуу «Эдельвейс» окуу борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык «Тынчтык миссиясы -2016» машыгуусу аяктады. Бул тууралуу КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

«Машыгуу, Шанхай кызматташтык уюмунун «Тынчтык миссиясы - 2016» биргелешкен аскердик антитеррордук машыгууларына, ШКУнун аймагында, ошол эле учурда бүтүндөй дүйнө жүзүндө эл аралык тынчтыкты орнотууга кызыкдар бардык мамлекеттердин жалпы милдети жаңы чакырыктарга жана каршылыктарга каршы туруу болуп саналаарына ШКУ зор маани берүү менен көңүл бөлгөндүгүн көрсөттү.

Машыгууга 15ден ашуун алыскы чет мамлекеттердин 30дан ашуун аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, андан тышкары ЖККУ, ШКУнун АТТү, КМШнын ТКБу, ЕККУнун кызматкерлери көз салып турушту.

Поделиться новостью: