Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди

Дата: 17:24, 01-08-2016.

Бишкек. 1-август. КирТАГ—Алтынай Алмаз кызы. Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди.

Кечээ Соң-Көл жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди. Көл жээгине 120 ак боз үй тигилип, ар бири конокторду тосуп алууга кубанычта болушту.

«Менимче, 5 миңге жакын адам юбилейге келип беришти. Англия, Франция, Германиядан туристтер келишти. Иш-чарага 6 өлкөнүн элчилери катышышты. Юбилейге бир ай убакыт даярдык көрүлдү. Майрамды белгилөөгө бюджеттен 3 млн сом бөлүндү», - деди Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев.

Жаратылыштын кайталангыс кооздугу, меймандос Нарын эли чыныгы, кыргыз тоюунун кырдаалын жаратты. Тайлак баатыр тууралуу театрлаштырылган көрсөтмө, улуттук оюндар, ата мекендик жылдыздардын ыры, музыкасы эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Поделиться новостью: