Панфилов дивизиясына 75 жыл

Дата: 16:42, 12-07-2016.

Бишкек. 12-июль. КирТАГ – Бүгүн, 12-июлда, 73809 аскердик бөлүгүнүн базасында Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Панфилов дивизиясы 1941-жылы 12-июлдан Фрунзе (Бишкек) жана Алматы шаарларында уюштурула баштаган. Командирликке Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И. В. Панфилов дайындалган. Москваны коргогону үчүн дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, гвардиялык дивизия наамын алган. И. В. Панфилов курман болгондон кийин (1941-жыл 18-ноябрь), анын ысмы дивизияга берилген.

Салтанаттуу иш чара Бишкектеги И. В. Панфиловдун эстелигине жана панфиловчу-баатырлардын аллеясына гүлчамбар коюудан башталды.

«Панфиловчулардын баатырдыгы» аттуу театрлаштырылган постановка иш чаранын башкы темасы болду. Ошондой эле согуш мезгилиндеги курал жана аскердик техниканын көргөзмөсү уюштурулду.


Поделиться новостью: