Мырзалардын кесибин аркалаган айымдар

Дата: 08:21, 10-03-2018.

Бишкек. 6 - март. КирТАГ - Альбина Метерова. 8 - Март аялдардын эл аралык күнү – адамзат үчүн, анын ичинен асыл зат айымдар үчүн уникалдуу,эстен кеткис, өзгөчө орду бар майрам.

Көпчүлүк айымдарды дарыгер, мугалим же болбосо тарбиячы катары көрүп, коомда ушундай түшүнүк калыптанып калган. Бирок билимдүү колунда өнөрү бар, кесибинин мыкты ээси болгон айымдар кайсы тармакта болбосун өз тиричилигин кылып, кандай жумуш болбосун майын чыгарып жасоого кудурети да, эрки да жетет.

Биз бүгүн дал ушул эркектердин кесибин аркалап жүргөн айымдарыбыз тууралуу баянданганы турабыз.

Эркектин кесибин өзүнүкүндөй өздөштүрүп алган айымдарды «Электр станциялар» ишканасынан жолуктурууга болот. Аялдар табияттан ажарлуу, унчукпай, көп үн катпаганы менен күн бою өзүнө жүктөлгөн милдеттерди, кээ бир мырзаларга караганда мыкты аткарат.

Маселен, ажарлуу, сулуу кыз Нурайым Турдумамбетованы эч ким электр ширетүүчү деп деле ойлобойсун. Ишине тың,тыпылдаган Нурайым Бишкек жылуулук борборунун тешилген жерин бүтөп, автоматтардын ишин көзөмөлдөп, күн боюу буту жерге тийбей,желип жортуп кызматын аткарып жүрөт.

Ал эми кесиптештеринин арасында урамат-сыйга ээ Бактыкан Бердиматова электр станциянын жылуулоо бөлүмүндө эмгектенет. Мырзалардын жумушу катары саналган бул жумуштуу албетте сапаттуу аткарышы керек.

Айзат Майданбеков болсо түтүктөрдү ары бери, өйдө ылдый көтөргөн кран-машинаны айдайт. Өзү арыкчырай көрүнгөнү менен бул айым асман тиреген кранды коркпой башкарып, үч тоонага чейинки жүктү керектүү жерге жеткирип берип турат.

Каармандарыбыз эркектердин оор кесибин аркалаганы менен, көңүлдөрү дайыма назик бойдон калып, ааламга чексиз сүйүү жана мээримин төгүп келет.

Ардактуу асылзат айымдар, майрамыңыздар менен!

Сүрөттөр «Электр станциялар»ишканасынын басма-сөз катчысы Тагжана Айдаралиевага таандык.

Поделиться новостью: