Кыргызстанда «Мисс Бикини Кыргызстан-2016» сынагы болуп өттү

Дата: 13:54, 28-07-2016.

Бишкек. 28-июль. КирТАГ - Кыргызстанда «Мисс Бикини Кыргызстан-2016» сынагы болуп өттү.
«Кечээ, 27-июлда борбор калаадагы мейманканлардын биринин бассейнинде «Мисс Бикини Кыргызстан-2016» сынагынын финалы болуп өттү. «Мисс Бикини Кыргызстан-2016» наамы үчүн жана биздин өлкөнүн атынан Пекиндеги Miss Bikini Universe-2016 сынагына баруу укугу үчун 13 сулуу ат салышты.

Сынак бир нече этап менен өттү.

Сынакта калыстар тобунун 12 мүчөсү калыстык кылышты. Көрүүчүлөрдүн купулуна 1 номери менен катышкан – Айнура Рысбекова толду. Ал эми вице-мисс наамын Екатерина Руденко, Анжелика Чернецкая, Елена Рылова жана Анжелика Матебете (биринчи вице-мисс) алышты.

Ал эми баш байгени Борбор Азиядагы Америка (БААУ) университетине караштуу мектептин 9-классынын окуучусу, 15 жаштагы Саадат Асылбекова жеңип алды. Эми ал Кыргызстандын атынан Пекинде (Кытай) өтө турган Miss Bikini Universe-2016 сынагына катышмакчы.

Поделиться новостью: