Караколдогу алгачкы түнкү этнофестиваль: селкинчек, боорсок жана жалын

Дата: 11:49, 21-07-2016.

Бишкек. 18-июль. КирТАГ – Айзура Чыкынова.  Караколдо алгачкы түнкү «Улут баскан улуу жол» этнофестивалы болуп өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Улут баскан улуу жол» түнкү этнофестивалын «Кыргыз айылы каада-салт ордосу» программасынын театрларштырылган көргөзмөсү ачты, анда салт, үрп-адат, ошондой эле кыргыз элинин турмушу көрсөтүлгөн. Боз үйлөрдө дасторкондор жайылып, балдар жана жаштар селкинчек тебишип, казандарда боорсок бышырылып, боз үйдүн тегерегинде апалар кыздардын чачын өрүп отурушту, мунун баардыгы ырдоо менен коштолуп турду.

Көрүүчүлөргө биздин ата-бабалар колдонуп келген салттар ж.б. сунушталды.
Этнофестиваль ата мекендик ырчылардын шоу-концерти менен аяктады.

Поделиться новостью: