Биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык «Тынчтык миссиясы -2016» машыгуусу старт алды

Дата: 12:35, 15-09-2016.

Бишкек. 15-сентябрь. КирТАГ - 2016-жылдын 15-сентябрында Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын «Эдельвейс» полигонунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна катышкан-мамлекеттердин «Тынчтык миссиясы -2016» машыгуусунун официалдуу ачылышы болду. Бул тууралуу КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага беш өлкөдөн – Кыргыз Республикасынын, Кытай Элдик Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенттери катышып, ШКУга катышкан ар бир өлкөнүн Гимнинин коштоосунда мамлекеттик желектер көтөрүлдү.

Жалпысынан машыгууга эки минге жакын аскер кызматчылары, үч жүз жуп аскер техникалары тартылган. Алардын көбү модернизацияланып, заманбап жабдуулар менен жабдылган, мындан сырткары ондон ашык аскер авиациясы жердеги аскерлердин аракетин коргоого дайындалган.

ШКУга катышкан-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн улуттук аскердик контингенттеринин жетекчилери өз сөздөрүндө кыргыз аскерлеринин жылуу кабыл алгандыгына, меймандостугуна ыраазычылык билдиришип, бир пикирден машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча кыргыз тараптан зор иштер жасалганын айтышты, эми, машыгууну жогорку деңгээлде, сапатту өткөрүү жагы ар бир аскер кызматчысынын өз абийиринде экенин баса белгилешти.

Официалдуу ачылыш аземи машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Поделиться новостью: