Сейтказы Матаевди кодулоо, азыркы Казакстандын тарыхында эң маскаралуу барагы болуп калмакчы

Дата: 15:29, 22-09-2016.

Бишкек. 13-сентябрь. КирТАГ – Казакстандын журналисттер бирикмесинин башчысы Сейтказы Матаевге жана анын уулу – КазТАГдын башкы директору Ассет Матаевге каршы чуулгандуу иш мурдагыдай эле Казакстандын жана эл аралык ЖМК беттериндеги №1 тема бойдон калууда. Матаевдердин санаалаштары жана кесиптештери, ошондой эое укук коргоочулар менен эксперттер, айыптоолор ойдог чыгарылган жана алар башка максаттарды көздөшкөн эмес деген пикирди карманышат.


Сейтказы Матаевдин колдоосуна, анын иши көз жаздымда калбай тургандыгынан үмүт бере турган кеңири кампания башталды. Матаевди белгилүү журналисттер, саясатчылар, эксперттер колдоп жатышат.


Аркадий Дубнов, журналист, Борбор Азия боюнча эксперт: «Сейтказы Матаевди кодулоо азыркы Казакстандын тарыхындагы эң маскаралуу барагы болуп калмакчы»


- Сейтказы Матаевди кодулоо, эгерде жакынкы аралыкта токтотула турган болбосо, менимче азыркы Казакстандын тарыхындагы эң маскаралуу барагы болуп калат. Себеби, бул окуяда күч түзүмдөрү одоно түрдө бурмалап жаткан саясий буйрутманын кулагы чыгып тургандыктан эмес. Керек болсо, Казакстанда №1 мамлекеттик кылмышкер болуп эсептелген Рахат Алиев УКК башчысы болуп турган чактагы кайгылуу мезгилди эсиме салып тургандыктан эмес. Себеби, бир катар көз карандвсыз жана кесипкөй түзүмлөрдү түзгөн Казакстандын беделдүү журналистинин айланасындагы абал, Матаевди кодулоого жооптуу болгон, Казакстандын жетекчилигинин айрым өкүлдөрүнүн акыл-эси бардыгынан күмөн саноого түрткү болууда.


Гүлжан Ергалиева, публицист: «Матаевдин ишинин эки мотиви бар – көз карандысыз ЖМКга кысым жасоо жана кадимки эле рейдерлик»


- Бул жерде кеминде эки мотив каралууда. Биринчи – Казакстанда орун алган жагдай, жергиликтүү ЖМКга кысым жасоо, ал эми Матаевдин КазТАГы Казакстандын тышында да тараган, кеңири маалымат агенттиги.  Экинчи мотив – кадимки эле байсып алуучулук. Казакстанда ири чиновниктердин жана чириген байлардын кандайдыр бир «джентельмендик топтому» болот, ал топтомго мыкты ЖМКлар да кириши керек. Кимдир бирөөнүн көзүнө Матаевдин өз ордун тапкан, камдуу чарбачылыгы көрүнүп калса керек да. Бул жерде Матаевдин узак жылдардан бери КР журналисттер бирикмесин жетектеп келе жаткандыгын да айта кетпесе болбойт. Мүмкүн, бийлик Казакстандагы журналисттер бирикмесин да, журналисттерин да түп тамырынан бери өзгөртүүнү чечишти. Бизде «Мураскер» деген операция башталды, бийликке жаш «карышкырлар» - азыркы бийликтеги «агалардын» тарбиялануучулары умтулуп жатышат. Ушунун айынан анан баардыгын бөлүшүп жатышат.


Зауреш Батталова, саясатчы: «Матаевдерге каршы иш – бул ыкка көнбөгөндөрдү жазалоо»


-Матаевдерге каршы кампания – буо шайлоо алдындагы маалымат талаасын тазалоо, ыкка көнбөгөндүгү үчүн жазалоо. Тергөө абактарындагы жана абактардагы кыйноолор, саясий репрессиялар, сот иштериндеги жаңжалдар, журналисттерди жана ЖМКны куугунтуктоо, көз карандысыз уюмдарга басым көрсөтүү ж. б.  ачык айтылып келген пресс борборду ушундай ыкма менен «жок кылууну» чечишти. Бийлик элдин сынын көтөрө албай жатат. Көнүмүш адатка айлангандай, сценарий өзгөрүүсүз – финансылык-чарбачылык ишмердүүлүгүнө кылмыш ишин аралаштыруу. Баарынан мурда бул, коркунучтун колу менен жасалууда. Айрым персоналардын биографиясынан жаңы, жагымсыз фактылар сыртка чыгып кетпегей эле дешет.

Поделиться новостью: