Сариев менен Диль Кыргызстанды жаңыдан таанып жаткандай

Дата: 13:35, 25-05-2015.

Бишкек. 25-май. КирТАГ - Бакыт Толканов.  Жаңыдан шайланган премьер Темир Сариев жана анын орун басарлары жаңы кызматка келүү менен Кыргызстанды жаңыдан таанып жаткандай пикир калтырат.

Суткасына 24 саат жана жумасына 7 күн эмгектенүү ниетин билдирген премьердин биринчи билдирүүсү, Сариевдин оозунан чыккан кызыктуу цитаталардын алгачкысы болуп калды.

Сариев премьерликке талапкер кезинде жасаган, жаңжалдуу билдирүүлөрүнүн бири, бажы постторун алуу мөөнөтүнүн жана кыргыз-казак чек арасын ачылышынын жылдырылышы.

«Кыргызстан ЕАЭБге кирүү жөнүндө макулдашуусу 8-майда ратификациялана тургандыгы болжолдонгон. Мындай учурда ЕАЭБ менен чек аралар 12-13-майда ачылаарынан үмүттөнүп турганбыз. Бирок, бир катар талаш маселелер жаралгандыктан мөөнөтү бир аз жылдырылды. Менимче 10-15 күнгө», - деди Сариев.

Бул Москвадагы кыргыз мигранттарынын арасында бир катар кооптонууларды жаратты.

Карама-каршы дагы бир учур, Кыргызстанда бизнести жана керек болсо бийликке үстөмдүк кылып келген коррупция жана криминалдык топтордун бар экендигин угуп премьердин айран таң калгандыгы.

«Айрым шаарларда жана райондордо криминалдык топтордун кулачын жайып алгандыгын айта кетишим керек. Алар бизнеске үстөмдүк кылууну токтотпой келишет. Жарандар коопсуздугуна ишенбей калгандыгын моюнга алыш керек. Ушул күнгө чейин криминалитет алдында «отметка» деген бар. Бул экономиканын абалына жана бийликтин имиджине залакасын тийгизип келет», - деген премьер коопсуздукту жана тартип сактоону камсыз кылуу боюнча отурумда.

Ушул эле отурумда Темир Сариев, абакта камакта отургандар баңгизатын колдоноорун айтып нааразы болгон.

«Баардык зоналар «героинге» чыланып калгандыгы айтылууда, бул жаатта эч кандай иш жасалбай жатыптыр», - деп премьер-министр МЖАК башчысы Советбек Арбаевди сынга алган.

Вице-премьер-министр Валерий Диль дагы премьердин мисалы менен баардыгына дүйнөлүк чөлкөмдө Кыргызстандын ролу жана орду тууралуу эскертип коюну көздөгөндөй.

Мисалы, Дилдин пикиринде, Кыргызстандагы бизнес үчүн түзүлгөн шартта оффшордук аймактагы шарттарга окшош. Муну менен ал конкреттүү бир шартты атаган эмес.

«Бизнес жүргүзүү боюнча биз үчүнчү орунда турабыз. Эч кандай макулдуксуз ачып, иштей берүүгө болот», - деп түшүндүрдү В. Диль.

Албетте, мындай билдирүүлөрдүн ээлери кармангандай, ар кимдин өздүк пикири, көз карашы болот эмеспи.

Бул максаттар кайсы бир саясатчынын имиджин бекемдөөгө эмес, өлкөнүн жыргалчылыгына багытталгандыгына ишенгибиз келет. Саясаттагы популизм эмнеге алып келээри кыргызстандыктарга жакшы тааныш.

Поделиться новостью: