Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө эки күндөн бери казакстандык авиаторлор көмөк көрсөтүүдө

Дата: 10:00, 21-08-2015.


Бишкек. 21-август. КирТАГ – Бакыт Толканов. Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө эки күндөн бери казакстандык авиаторлор көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматынан билдирди.

«Өрттү өчүрүүгө 20-август күнү саат 11:00дө Казакстан Республикасынан учкан МИ-26Т үлгүсүндөгү тик учак саат 12:07де Манас эл аралык аэропортуна конуп, ал жерден саат 14:00дө учуп Токтогул районуна саат 15:00 келип конду. Саат 18:00 дөн 19:30га чейин тик учак менен 4 рейс (24 тонна) сууКанышай тилкесине (Бишкек-Ош 262-км) чачылды», - деп айтылат билдирүүдө.

2015-жылдын 21-август күнү саат 00:30да Генералдык Штабдын 1 МАЗ (мам. №33-33 КМ) унаасында дагы 6 тонна 750 литр авиакеросин бөлүнүп саат 01:50дө Токтогул районуна жөнөп кетти, саат 06:40 Суусамыр өрүнүндө (Парижде) бара жатат.

2015-жылдын 21-август күнү саат 07:20дан баштап тик учак менен 2-рейс суу Канышай тилкесине чачыла баштатды.

Эскерте кетсек, Токтогул районунун Жаңы-Жол а/а караштуу  Чычкан капчыгайында  2015-жылдын 13-августунда саат 16:17 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында “Ууташ” тилкесиндекургак чөп жана бадалдар өрттөнгөн. Шамал болгондугуна байланыштуу өрттүн аянты чоңоюууда. Өрттүн кесепетинен болжол менен 120га аянт күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес»

Аткарылган иш чаралар: 2015-жылдын 20-августунда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө жалпы860 адам тартылды. Анын ичинен ӨКМнен 382 адам (ӨКМКАнен 279 адам, ӨКМнин РӨКО 43 адам, ӨКМнин КДМБнан 60 адам) КРнын УГ 33 адам, Райондук ишкана-мекемелерден жана айыл аймактардан 245 адам, Облустук Токой чарбасынан 200 адам.

Өрттү өчүрүү 3 тилкеде (участок) жүргүзүлүүдө:

Поделиться новостью: