Жалпы режимдеги колонияга которулган Исаков менен Сатыбалдиев карантинге алынды

Дата: 14:37, 28-04-2020.

Бишкек. 28 - апрель. КирТАГ –№1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 жалпы режимдеги колонияга которулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков карантинге алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЖАМК жетекчилиги адвокат Замир Жоошевди элге жаңылыш маалымат берүүдөн оолак болууга чакырып, ал жактаган адамдардын ал-абалы тууралуу да айта кеткен.
Маалыматка караганда, абакка башка жактан келген соттолуучулар сөзсүз түрдө 14 күндүк карантинде болушат. Аларга өзүнчө бөлмө берилип, медицина кызматкерлери, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери көз салып турат.

“Сапар Исаков жана башка соттолгондор колония башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Бирок бүгүнкүгө чейин жаңы соттолуп келгендер, анын ичинде Исаков да коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүч келтирген эмес. ЖАМК кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков адвокаты Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди. Мындан улам жактоочуну коомчулукту адаштырган маалымат берүүдөн оолак болууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп Исаков менен кошо айыпталып соттолгон “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов (№27 абакка) менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев (№47 абакка) дагы башка абакка которулгандыгына байланыштуу карантинге алынышты.

Поделиться новостью: