Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна иш сапары жыйынтыкталды

Дата: 09:14, 20-12-2021.

Бишкек. 20 декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-19-декабрда эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Башкармалыктын жаңы имараты зарыл болгон заманбап технологиялар менен толук жабдылып, кызматкерлерге эмеректер коюлуп, эмгек шарттары учурдун талаптарына жана стандартка жооп берет.

Андан ары Мамлекет башчысы «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКында болду. Аталган ишкана 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы анын таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн. Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө «Кыргыз Петролеум Компани» ААКка 100 пайыз ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ЖАК дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге) өскөн.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Садыр Жапаров облустук клиникалык ооруканага барып, Жалал-Абад облусундагы медицинанын абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн медициналык мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоо бөлүмүн көрүп чыкты.

Ошондой эле ал Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жамааты менен жолугушуп, алар менен баарлашты.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолун куруу долбоорунун бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бере тургандай кылып аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мындан сырткары, ал Сузак районунун тургундары менен жолугушуп, анда жергиликтүү тургундар районду таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду жана мектептерди куруу боюнча бир катар көйгөйлөрүн ортого салышты.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди.

Источник фото: Президенттин апараты

Поделиться новостью: