Президент Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Дата: 08:53, 20-12-2021.

Бишкек. 20 декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Негизинен,  Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Мамлекет башчысына бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ири туннелдерден боло турган туннелдин 2991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалды.
Туннелди куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы – 10 метр, бийиктиги – 8,5 метр.
Туннелдин 3800 метринин 3619у тешилди.
Мамлекет башчысы туннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керек.

Источник фото: Президенттин апараты

Поделиться новостью: