Президент Садыр Жапаров Сузак районунун тургундары менен жолугушту

Дата: 08:56, 20-12-2021.

Бишкек. 20 декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары  менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландары, анын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жана ишкерлер менен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча чаралар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Президент жакында кол койгон фермерлерди жана дыйкан чарбаларын үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө Жарлыкты эске салды. Алсак, 2022-жылдын 1-январынан тарта дыйкандар сугат, айдоо жана жайыт жерлерине салык төлөбөйт.

Эми салык республикалык бюджеттен төлөнөт. Мындан тышкары, Садыр Жапаров келерки жылы дыйкандарга 6% менен насыя берилерин баса белгиледи.

Башкы максаттардын бири – айыл чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу. «Буга чейин сугат жерлерибиз айдалбай, иштетилбей жатканын өзүм көрдүм. Андан соң дыйкандарга берилген жеңилдетилген кредиттер эмне үчүн жетишсиз болуп жатканын аныктоо максатында биздин мамлекеттик банктарга аудит жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди. Текшерүү аяктагандан кийин дыйкандар мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын 3% гана алып жатканы белгилүү болду. Калган 97%ды ири бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор гана алып келген. Насыялар алты пайыздан. Бул акчаны дыйкандарга берип жатабыз да. Алардын 100% алар тарабынан кабыл алынышы керек болчу. Мындан ары бул маселе биздин көзөмөлүбүздө болот. Жаңы жылдан баштап дыйкандарга, фермерлерге бөлүнгөн ар бир тыйын сиздерге жетет. Биз кепилдик беребиз. Мыйзам бузууга жол берген адам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен тиешелүү жазасын алат», - деп ишендирди Садыр Жапаров

 Мамлекет башчы ошондой эле Союз тарагандан бери Кыргызстан өз эсебинен бир дагы аскердик техника сатып албаганын айтты. Аскердик-техникалык колдоо ар дайым ар кайсы мамлекеттер тарабынан көрсөтүлүп келген. Ушуга байланыштуу өлкөнүн армиясын чыңдоо, анын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу жана мунун бардыгын өлкөнүн бюджеттик каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Учурда коррупция менен анын кандай гана көрүнүшү болбосун активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жатат.

Президент быйылкы жылдагы таза кирешеси 1,5 миллиард сомду түзгөн “Мегаком” мамлекеттик ишканасын мисал келтирди. Салыштыра кетсек, мурда анын таза кирешеси 2-3 миллиард сом болсо, 2-3 жылдан кийин 500 миллионго чейин түшүп калган. Жаңы жетекчи алдына компаниянын кирешесин кеминде 1,5 млрд сомго жеткирүү коюлуп, болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартылаары эскертилген. Жыйынтык бар, ага ылайык, буга чейин демек уурдап келишкен.

 Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына келсек, мурда чыгаша менен иштечү, азыр таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түзөт. Жаңы жетекчи келип, ишкананы модернизациялоону колго алды.

Ушундай эле абал «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердигинде болгон. Алсак, 2020-жылы завод 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, быйыл ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары Садыр Жапаров “Кумтөргө” байланыштуу маселеге кеңири токтолуп, ишкана учурда толугу менен Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле келерки жылы айлыктарды, пенсияларды, жөлөкпулдарды жогорулатуу пландарына токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар райондун таза суу менен камсыз болушу, айдоо аянттары, ошондой эле жол, билим берүү мекемелеринин курулушуна байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү маселелерин тез арада кароону тапшырды.

Источник фото: Президенттин апараты

Поделиться новостью: