Дүйнөлүк биржаларда мунай арзандады

Дата: 08:13, 11-09-2019.

Бишкек. 11-сентябрь. КирТАГ – Шаршемби күнү  ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунай арзандады.

Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 62,38 (-0,21) долларды түзгөн.

Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели  57,4 (-0,45) доллардан сатылган.

Поделиться новостью: