Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылмай болду

Дата: 14:33, 28-04-2020.

Бишкек. 28 - апрель. КирТАГ –Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылмай болду. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Жыйында президент: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», - деп баса белгиледи.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. 708 адамдын 185и медицина кызматкери.

Коронавирус жуккан жарандардын аймактар боюнча саны төмөнкүдөй:

- Бишкек шаарында - 167;

- Ош облусунда - 160 (алардын ичинен Ноокат районунда - 113);

- Жалал-Абад облусунда - 113 (алардын ичинен Сузак райоунда - 85);

- Ош шаарында - 110;

- Нарын облусунда - 88 (алардын Ат-Башы районунда - 65);

- Чүй облусунда - 52 (алардын ичинен Аламүдүн районунда - 16);

Ысык-Көл облусунда -10 (алардын ичинен Каракол шаарында - 6);

Баткен облусунда - 8 (алардын ичинен - Баткен районунда - 4).

Поделиться новостью: