Кырчын этно-шаарчасында 1000дөн ашык боз үй тигилет

Дата: 08:35, 06-08-2018.

Бишкек. 3 - августь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган Кырчын этно-шаарчасында 1000дөн ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын сайтында маалымдалды.

Бул тууралуу Кыргызстандын баардык областарнын маданий программасын уюштурууга жоопту, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Зарылбек Молдобакировбилдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн ар бир областы 11 ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо. Маектешибиз бул областардан сырткары эки чоң шаарыбыз Бишкек-Ош да өз боз үйлөрүн тигишээрин белгилеп кетти.
Дагы жоопту режиссер, бул III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнуна коомдук бирикмелердин жана уюмдардын кызыгуулары чоң экендигин кошумчалады, алар да Оюндун маданий программасынын алкагында өткөрүлүүчү ар кайсыл конкурстарга катышышат.

З.Молдобакиров “бир катар коомдук бирикмелер “Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз дуйно”, “Ак элечек апалар”, “Кыргыз жери” жана башка бирикмелер 18ден 20га чейин боз үй тигишүүдө. Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилген. Жалпысынан болжолдуу 800дөн 1000ге чейин боз үй болоорун күтүүдөбүз” – деп билдирди.

Режиссер кимде ким өзүнүн боз үйүн Кырчынэтно-шаарчага тигүүнү кааласа режиссерлордун штабына кайрылса болот. III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнуна карата даярдануу мезгилинде Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар үчүн китеп канада жайгашкан штаб тапшырыктарды кабыл алаарын билдирди.  

Маектешибиз сөзүнүн акырында бул этно-шаарчанын аймагында улуттук кыргыз боз үйү менен байланышкан конкурстар болоорункошумчалады. “Биз ар түрдүү жарыштарды уюштурабыз, бирок атайын программанын негизгиси бөз үйдү ылдамдыкта тигүү болот”, – деп билдирди.

Поделиться новостью: