Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт

Дата: 16:59, 11-02-2020.

Бишкек. 11 - февраль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында эртең, 12-февралда, Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев эске салгандай, Комитет 2018-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн.

Комитеттин 2019-жылдын 24-июнунда өткөн биринчи жыйынында ата-мекендик экономиканы, өзгөчө жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселелери каралган. Биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча:

—           Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүнүн учурдагы абалын талдоо жыйынтыктары жана келечеги;

—           Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги;

—           Кыргыз Республикасынын айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана келечеги тууралуу сунуштар берилген.

Жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча, анын ичинде тигүү өнөр жайынын кызматкерлерине киреше салыгын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди берүү, тигүү өнөр жайын сакталышына жана ири өндүрүштөрдүн пайда болушуна шарттарды түзүү жагында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленди.

Мындан тышкары, Комитеттин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча бизнес өкүлдөрү жана аймактардагы инвесторлор менен жолугушууларды уюштуруу, алардын учурдагы көйгөйлөрүн жана түйшөлткөн маселелерин угуу боюнча чечим кабыл алынган.

Эртең жогоруда аталган маселелер бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкууланат.

Белгилей кетсек, Комитет мамлекет менен бизнес-коомчулугунун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн ортодогу пикир алышуу аянтчасы болот деген максатта түзүлгөн.

Аны түзүү жөнүндө чечим ишкер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык шарттарын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында кабыл алынган.

Поделиться новостью: