Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов мамлекеттик кызматка дайындалды

Дата: 17:28, 17-06-2019.

Бишкек. 17 - июнь. КирТАГ  –   Топчубек Тургуналиев жыл башында түзүлгөн "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти, ал эми Элдар Айтматов анын орун басары болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, аталган академия президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 31-январда түзүлгөн.

Мекеме "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенери айтылган.

Поделиться новостью: