Ысык-Көл облусунда «Карагат фест» фестивалы болуп өттү

Дата: 18:14, 08-08-2016.

Бишкек. 8-август. КирТАГ - Алтынай Алмаз кызы. 6-август күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында төртүнчү ирет «Карагат фест» фестивалы болуп өттү.

Жергиликтүү тургундар, жети дубандан келген коноктор жана чет элдик туристтер Ысык-Көлдө төртүнчү жыл катары менен өтүп келе жаткан фестивалга келишти. Жергиликтүү тургундар чогулткан экологиялык жактан таза азыктар фестивалга келген 2 миңге жакын адамды кубантты. Фестивалдын алкагында көргөзмө-жарманке өтүп, анда дыйкандар жемиш жана гүлдөрдөн даярдалган ар түрдүү кыямдарды жана компоттун түрлөрүн сунушташты. Ошондой эле каалоочулар үчүн жер-жемиштерди өстүрүү, үй шартында жемиштерди кургатуу, экспортту өнүктүрүү, жана күнөскана иши ж.б. боюнча мастер-класстар уюштурулду.

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, «Карагат +» долбоорунун Ак-Суу районунда иштеп жаткандыгына үч жылдын жүзү болду. «Долбоордун алкагында күнөскана курулуп жана жер-жемиш өстүрүлүп жатат. Ак-Суу районунда жалпысынан 803 га жерге жер-жемиш өсүмдүктөрү өстүрүлүүдө, алардын 69 гектары – карагат», - деди аким

Ж. Байсеитов белгилегендей, учурдагы бирден бир көйгөй өндүрүмдү сатуу болуп жатат.
«Бул маселени чечүүгө өкмөт жардам берээринен үмүт артуудабыз», - деп баса белгиледи район акими.

Поделиться новостью: