Кыргызстанда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда

Дата: 15:42, 05-09-2016.

Бишкек. 5-сентябрь. КирТАГ - II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. Оюндун максаты – дүйнөдөгү көчмөн калктын цивилизациялык тарыхый-маданий мурасын сактоо жана жандандыруу.

Спорттук жана маданий иш-чаралар Чолпон-Атада жана Кырчын жайлоосунда өтүүдө. Мелдештерге катышуу ниетин 53 өлкөнүн 1000дей спортчусу билдирген. Оюнду 500дөн ашуун ММК өкүлдөрү чагылдырууда, алардын ичинен 320га жакынын 35 мамлекеттен келген чет өлкөлүк журналисттер түзөт. Түз эфирди ондогон телеканалдар камсыз кылууда.

Оюндун алкагында спорттун 25 түрү боюнча мелдеш өтүп, фольклордук фестивалдар уюштурулууда. “Көчмөндөр ааламы” фестивалы 8-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда болот.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев көптөгөн мамлекеттердин делегациялары келгенине сыймыктанып жатканын билдирди. Президенттин айтымында, көчмөн калктын салт-санаасы, мурасына көп өлкөлөр кызыгып калды. Мындан эки жыл мурун биринчи Көчмөндөр оюндары өткөн. Анда 19 мамлекет катышса, бул сапар алардын саны 62ге жетти.

Алмазбек Атамбаев азыркы учурда адамзат башатын унутуп, айрым элдерин жоголуп кетүү коркунучу жаралып жатканын баса белгиледи. Президент экологиялык коркунучтар жаратылышты өзгөртүп жатканына токтолду. Мындай шартта айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, бабалардын мурасын сактоо көңүл бурууга арзыйт деди өлкө башчы.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш салтанаты 8-сентябрда болот.

Поделиться новостью: