Борбордук Италиядагы жер титирөө

Дата: 11:04, 25-08-2016.

Бишкек. 25-август. КирТАГ - Жер титирөө Перуджа шаарынын түштүк-чыгышында болуп, күчү 6,2 магнитудага жетти. Кеминде 73 кишинин каза болгону айтылууда, деп билдирет BBC.

Жер титирөө таңкы саат 3:36 да болду. Бул борбор калаа Римде да байкалды. Анын очогу Апеннин тоолорунда болгону кабарланды.

Аматриче шаарынын мэри Стефано Петруччи жергиликтүү радиостануцияга шаар борборундагы имараттар кулап, урандылардын астында адамдар калганын маалымдады.
Image copyrightREUTERS

Ал жер титирөөдөн бул шаарда электр жарыгы өчүп, "шаардын жарымы кыйрап жок болду" деп айтты.

Шаар тургундары өтө катуу жер титирөө болуп, үйлөрдүн ичиндеги керебеттердин өйдө ылдый секиргенин билдиришти. Алар үйлөрүнөн качып чыгышты.

Италия өкмөтү өзгөчө кырдаалга байланыштуу куткаруу иштерине көпчүлүктү тартууда. Алар урандылардын алдында калгандарды издөө иштерин улантышууда.

Италияда соңку катуу жер титирөө 2009-жылы болгон. Анда 300дөн ашык адамдын каза болгону айтылган болчу.

Сүрөттөр currenttime.tv алынган.

Поделиться новостью: