Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Дата: 12:18, 28-04-2020.

Бишкек. 28 - апрель. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат.  Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Поделиться новостью: