Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус аныкталды

Дата: 12:24, 28-04-2020.

Бишкек. 28 - апрель. КирТАГ –Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 708 болду.

Үсөнбаевдин айтымында Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда алты, Нарын облусунда эки, Жалал-Абад облусунда эки кишиден табылды. Анын ичинде бир дарыгер, бир медайым бар. Ушуну менен медиктердин жалпы саны 185ке жеткен



Поделиться новостью: