Эмне үчүн а(я)л кетип калган жок? Аялдардын зомбулук коштолгон мамиледен чыгышына эмне тоскоол болот?

Дата: 14:17, 27-11-2026.

Бишкек, 27 ноября, КирТАГ — Бүгүн, 25-ноябрда, гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк өнөктүгү башталат. Бул өнөктүктүн алкагында аялдарга карата зомбулуктун себептери, кесепеттери жана анын алдын алуу жолдору тууралуу сөз кылабыз.

Эмне үчүн аял өзүн азапка салган адам менен мамилесин, жашоосун уланта берет? Эмне үчүн анын өзгөрөм деген убадаларына ишене берет? Жана эмне үчүн анын кетүүнү чечкени эле коопсуздугун камсыздай албайт?

Биз дарыгер-психиатр, психотерапевт, медицина илимдеринин кандидаты Елена Молчанова менен зомбулуктун психологиялык кесепеттери, эмоционалдык көз карандылык, коркуу сезими жана аялдардын зомбулук коштолгон мамиледен чыгуусуна тоскоол болгон жагдайлар тууралуу маектештик.

1. «Эгер адам сени азапка салса, эмне үчүн жөн эле кетип калбайсың?»

Сыртынан караганда, мындай мамиледен кетүү эң эле жөнөкөй чечимдей сезилиши мүмкүн. Бирок Елена Молчанова түшүндүргөндөй, зомбулук коштолгон мамиле – бул тең укуктуу эки адамдын ортосундагы кадимки эле пикир келишпестик эмес. Мындай мамиледе адамдын коопсуздук сезими гана эмес, өз күчүнө болгон ишеними да бара-бара жоголот.

Аял көп жылдар бою эч нерсеге арзыбай турганын, колунан эч нерсе келбесин жана өнөктөшүсүз жашай албасын угуп жүрүшү мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен мындай сөздөр анын өзүн кандай кабыл аларына таасир этиши ыктымал.

Ошол эле учурда зомбулук кээде кечирим суроо жана камкордук көрсөтүү менен алмашып турат. Мындай жарашуу мезгилин көп учурда «бал айы» деп да аташат. Бул аялдын мамиле “жакшы жакка өзгөрөт” деген үмүтүн жана өнөктөшүнө болгон эмоционалдык байланышын сактап турушу мүмкүн.

Мындан тышкары, аял кетүүнүн кесепеттеринен – коркутуулардан, куугунтуктоодон, баш-паанексиз, акчасыз калуудан же балдарынан ажырап калуудан коркушу мүмкүн.

Молчанова баса белгилегендей: «Кетүү – бул жөн гана мамилени токтотуу чечими эмес. Бул абдан татаал жана кооптуу процесс».

2. Узакка созулган зомбулук аялдын психологиялык абалына кандай таасир этет?

Молчанованын айтымында, системалуу зомбулук адамдын өзүн жана айлана-чөйрөнү кабыл алуусун бара-бара өзгөртүшү мүмкүн.

Дайыма кезектеги жаңжалды, басынтууну же коркутууну күтүп жашаган аял тынымсыз кабатырланган абалда болушу мүмкүн. Уйкусу бузулуп, эмоционалдык жана физикалык жактан алсырайт. Убакыттын өтүшү менен депрессиянын белгилери да пайда болушу ыктымал.

Психологиялык зомбулуктун эң оор кесепеттеринин бири – аялдын өзүнө болгон ишенимин жоготушу. Мисалы, өнөктөшү болгон окуяларды дайыма танып, өзүнүн агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн аялды күнөөлөп, «сен өзүң мени ушуга жеткирдиң» деп ишендирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Мындай мамиле узак убакыт бою кайталанса, аял өзүнүн эс тутумунан, болуп жаткан окуяларга берген баасынан жана чечим кабыл алуу жөндөмүнөн күмөн санай башташы мүмкүн. Бара-бара ага өз жашоосун өз алдынча өзгөртө аларын элестетүү да кыйын болуп калат.

Зомбулукка кабылган айрым аялдарда травмадан кийинки стресстик бузулуу (ПТСР) да өнүгүшү мүмкүн.

Бул адамдын психикасына оор таасир эткен окуялардан, анын ичинде өмүрүнө коркунуч жаралган учурлардан, оор физикалык же сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктан кийин пайда болушу мүмкүн болгон психикалык бузулуу.

ПТСР учурунда адамдын башынан өткөн оор окуялар эрксизден эсине түшүп, түнкү түштөрүндө кайталанышы мүмкүн. Ал ошол окуяны эске салган нерселерден качып, түздөн-түз коркунуч жок учурда да өзүн дайыма кооптуу абалда жүргөндөй сезиши ыктымал.

3. Эмне үчүн аял өнөктөшүнүн өзгөрөрүнө ишене берет?

Молчанова зомбулук коштолгон мамиледен чыгууну кыйындатышы мүмкүн болгон бир нече негизги психологиялык механизмди белгилейт.

Травмалык эмоционалдык байлануу

Бул түшүнүк зомбулукка кабылган адам менен ага зыян келтирген адамдын ортосунда, бир тарап үстөмдүк кылып, экинчисин көзөмөлдөгөн жана зомбулук кайталанган шарттарда сакталып калышы мүмкүн болгон эмоционалдык байланышты түшүндүрөт.

Коркутуу же ырайымсыз мамиле назиктик, камкордук жана өкүнүү менен алмашып турса, мамиле эмоционалдык жактан карама-каршылыктуу болуп калат. Аял бир эле учурда өнөктөшүнөн коркуп, ошол эле учурда ага байланып, ал кайрадан жаңы мамиле түзгөн мезгилде тааныган адамындай болуп калат деп үмүттөнүшү мүмкүн.

Молчанованын түшүндүрмөсүндө, аял көп учурда мамиленин алгачкы мезгилиндеги жылуулук менен жакындык кайра кайтып келет деп күтө берет.

Алдын ала болжолдоого болбогон бекемдөө

Молчанова түшүндүргөндөй, агрессия күтүүсүздөн сүйүү жана камкордук менен алмашып турганда, адам өнөктөшүнүн эртең кандай мамиле кыларын алдын ала биле албайт. Психологияда мындай көрүнүш кээде үзгүлтүктүү (интермиттирлөөчү) бекемдөө механизми аркылуу түшүндүрүлөт.

Жагымдуу мамиленин күтүүсүз пайда болуп турушу, зомбулук уланып жатса да, абал жакшы жакка өзгөрөт деген үмүттү сактап калышы мүмкүн.

Үйрөнүлгөн алсыздык

Бул термин адам жагымсыз кырдаалды өзгөртүүгө кайра-кайра аракет кылып, бирок натыйжага жетпегенден кийин өзүнүн аракеттери эч нерсени өзгөртө албайт деп ойлой башташы мүмкүн болгон абалды түшүндүрөт.

Мисалы, аял өзүн коргоого аракет кылат, каршы чыгат, жардам сурайт же кетүүнү чечет. Бирок анын ордуна жаңы коркутууларга, жазалоого же көзөмөлдүн күчөшүнө туш болот. Убакыттын өтүшү менен ал кырдаалды өзгөртүү үчүн жасаган аракеттеринин баары пайдасыз деген ишенимге келе башташы мүмкүн.

Молчанова мындай абалды адамдын мүнөзүнүн алсыздыгы же азап чегүүнү аң-сезимдүү түрдө тандап алышы менен чаташтырбоо керектигин баса белгилейт.

4. Аялдын кетишине дагы эмнелер тоскоол болот? Коркуу, балдар, акча жана «уят»

Психологиялык себептер жалгыз тоскоолдук эмес. Аял физикалык зомбулуктан, “өлтүрөм” деген коркутуулардан, куугунтуктоодон же өнөктөшү балдарын тартып алууга аракет кылышынан коркушу мүмкүн.

Балдар да басым көрсөтүүнүн куралына айланып калышы ыктымал. Мисалы, өнөктөшү аялды үй-бүлөнү бузду деп күнөөлөп же баласы менен “көрүштүрбөй коём” деп коркутушу мүмкүн.

Дагы бир олуттуу тоскоолдук – экономикалык көз карандылык.

Кээде өнөктөшү аялдын акчага жетүүсүн атайылап чектеп, жумушка орношуусуна тоскоол болот же үй-бүлөнүн каржысын толугу менен көзөмөлдөйт. Мындай шартта кетүү бир катар турмуштук маселелерди чечүүнү талап кылат: кайда жашоо, өзүн жана балдарын кантип багуу, юридикалык жардамды кантип алуу жана каржылык көз карандысыздыкты кантип калыбына келтирүү.

Мындан тышкары, коомдук басым да кошумча тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Молчанова «уят» түшүнүгүнө өзүнчө токтолот. Айрым үй-бүлөлөрдө ажырашуу, зомбулук тууралуу ачык айтуу же аялдын күйөөсүнөн кетиши уят катары кабыл алынат. Туугандарынын жана айланасындагылардын айыптоосунан коркуу аялды болуп жаткан окуяларды жашырууга жана жардам суроону кийинкиге калтырууга түртүшү мүмкүн.

5. Эмне үчүн кетүү - дайыма эле коопсуздукка жетүү дегенди билдирбейт?

Молчанова баса белгилеген дагы бир маанилүү жагдай – мамиленин токтошу зомбулуктун да токтошун дайыма эле билдирбейт.

Эгер адам өнөктөшүн көзөмөлдөөгө көнүп калган болсо, аялдын кетүү чечимин өз көзөмөлүн жоготуу катары кабыл алышы мүмкүн. Айрым учурларда бул коркутуулардын күчөшүнө, куугунтуктоого же зомбулуктун жаңы учурларына алып келет.

Айрыкча буга чейин өлтүрөм деген коркутуулар айтылса, курал колдонулса же зомбулуктун кооптуу учурлары болуп өткөн болсо, кырдаалга өтө олуттуу мамиле кылуу зарыл.

Ошондуктан конкреттүү жагдайларды эске албай туруп берилген «жөн эле кетип кал» деген кеңеш жетишсиз гана болбостон, кооптуу да болушу мүмкүн.

Молчанова мындай учурларда коопсуздук планын алдын ала ойлонуштуруу маанилүү экенин түшүндүрөт. Аял кайда барып жашай алат? Акчасын жана документтерин кантип алат? Балдарына ким жардам берет? Жакындары менен кантип байланышат? Ушул суроолордун баарын алдын ала карап чыгуу зарыл.

Кээде юристтин, кризистик борбордун же башка адистердин жардамы талап кылынат.

6. Эмне үчүн «Ал неге кетип калган эмес?» деген суроо кошумча азап келтириши мүмкүн?

Молчанова мындай суроо көп учурда жоопкерчиликти зомбулук көрсөткөн адамдан жабыркаган аялга оодарып коёрун белгилейт. Натыйжада аял өзү көзөмөлдөй албаган башка адамдын аракеттерин токтото албаган себептерин түшүндүрүүгө аргасыз болот.

Мындай мамиле аялдын өзүн күнөөлүү сезүүсүн, уялуусун жана айланасындагылар аны түшүнбөйт же айыптайт деген ишенимин күчөтүшү мүмкүн. Андан тышкары, бул суроо аялдын коопсуз түрдө кетүүгө ар дайым мүмкүнчүлүгү бар жана баары анын өз чечиминен гана көз каранды деген жаңылыш түшүнүктү жаратат.

Бирок мындай чечимге сезимдер гана таасир этпейт. Физикалык коопсуздук, акча, турак жай, балдар, жакындардын колдоосу жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү да чоң мааниге ээ.

Ошондуктан «Ал неге кетип калган эмес?» деп суроонун ордуна төмөнкү суроолорду берген туура:

Анын коопсуз түрдө кетишине эмне тоскоол болуп жатат? Ага кандай жардам керек? Аны мындан аркы зомбулуктан коргоо үчүн эмне кылса болот?

7. Кетүүгө азырынча даяр эмес аялга жакындары кантип жардам бере алышат?

Молчанованын биринчи кеңеши – аялды айыптабоо жана андан дароо чечим кабыл алууну талап кылбоо.

Аял мамилени токтотууга азырынча даяр болбосо да, жакындары анын сөзүнө ишенерин, болуп жаткан окуялар үчүн аны күнөөлөбөсүн жана андан жүз бурбай турганын билдириши маанилүү.

Айыптоонун жана ультиматум коюунун ордуна мындай сөздөрдү айтууга болот:

«Мен сага ишенем».

«Анын кылгандары үчүн сен күнөөлүү эмессиң».

«Сен мындай мамилеге татыктуу эмессиң».

«Мен сени айыптабайм».

«Жардам керек болсо, мен жаныңда болом».

Айрыкча «Эгер ага кайра кайтып барсаң, мага экинчи кайрылба» деп айтуудан алыс болуу керек. Мындай ультиматумдар аялдын айланасындагылардан ого бетер обочолонушуна алып келиши мүмкүн.

Бирок Молчанова белгилегендей, колдоо эмоциялык жактан гана болбошу керек. Кээде аялга коопсуз баш паанек табууга, юрист менен байланышууга, керектүү жерге жетүүгө, медициналык жардам алууга көмөктөшүү же каржылык колдоо көрсөтүү алда канча маанилүү.

Ошол эле учурда жакындары зомбулук көрсөткөн адам менен өз алдынча жаңжалдашып, аны коркутуп же маселени күч колдонуп чечүүгө аракет кылбашы керек. Бул жабыркаган аял үчүн коркунучту күчөтүшү мүмкүн.

Эгер адамдын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралса, шашылыш жардам кызматтарына кайрылуу зарыл.

Эң негизгиси – аял жардам суроого даяр болгондо же кырдаал шашылыш коргоону талап кылганда, анын жардамга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу.

8. Кыргызстанда жардам алуу үчүн кайда кайрылса болот?

5200 – үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандар үчүн күнү-түнү иштеген акысыз жардам линиясы.

102 – милиция.

112 – шашылыш жардам кызматтарынын бирдиктүү номери.

Источник фото: Из открытых источников

Поделиться новостью: