Биринчи сессия тууралуу депутаттардын пикири: парламенттеги демократия, оппозиция менен диалог жана өкмөт менен бекем тандем

Дата: 14:14, 30-06-2016.

Бишкек. 30-июнь. КирТАГ – Айша Чуштук. VI чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы аягына келип калды. Жаңы курамдын жасаган иши боюнча эл өз пикирин билдирип болду. Бүгүн КирТАГ сөздү депутаттарга берет.
- Сиз өз фракцияңыздын жана жалпы эле парламенттин биринчи сессиядагы ишине кандай баа бересиз?

Канат Исаев, «Кыргызстан» фракциясынын лидери:

-Мен баардыгы ойдогудай дегенден алысмын. Бул биринчи сессия. Парламенттин 70%зы жаңы депутаттардан турат, алгач ирет шайланып келген жаштар да көп. Менин оюмча, алар бара-бара иштин маңызын билишип, иш алдыга жылат.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери:

- Баардыгы канааттандыраарлык деп айтууга болбойт. Эң башкысы парламент жүнү тирүү экендигин, демократиянын духу жана принциптери бар экендигин тастыктады. Митинг, курултайлар болбошу үчүн баардык талаштар менен дебаттар парламенттин ичинде өтүүсү керек – бул жакшы тенденция. Жетишпестиктери да бар: дайыма эле сапаттуу мыйзамдар кабыл алынбайт. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү кошумчалоо жана өзгөртүүлөргө орун берилүүдө. Ар бир өзгөртүү - мыйзамдар тез арада, ойлонбостон, анализсиз жасалып жаткандыгынан кабар берет

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери:

-Фракция жана парламент биринчи сессияны жемиштүү иштеди. Албетте коомчулук тарабынан сындар айтылды. Убакыттын өтүшү менен баардыгы болот, биз үйрөнүп жатабыз. Менимче, жыл өткөн сайын парламенттин күчүнө күч кошулуп жана кесипкөйүрөөк болот.

Сайдулла Нышанов, «Ата Мекен» фракциясы:

- Биринчи жарым жылдыкта биз жакшы эле иштедик, натыйжа жок эмес, айрым маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Жалпы сереп жакшы. Бул жарым жылдык тынчтыгы менен эсте калды. Бешинчи чакырылышка салыштырмалуу абдан эле тынч болду. Биздин фракция тууралаа айта турган болсом, керек болсо журналисттер айтып жатышат, эң эле көп сүйлөгөн фракция – бул «Ата Мекен» экендигин. Биздин депутаттар иштеп жатышат жана кандай болбосун суроого жоп берүүгө даяр.

- Парламентте чыныгы оппозиция барбы?

Канат Исаев, «Кыргызстан» фракциясынын лидери:

-Менимче баа берүү этикага жатпайт. Бирок мен ал фракциялардан оппозициячыл эч нерсе укпадым.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери:

-Менин көз карашым боюнча, бүгүнкү күндө оппозициянын иши үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Мен өзүм да оппозицияда болуп көргөм, өз убагында биздин артыбыздан түшүп, чектеп турушчу. А бүгүнкү күндө конструктивдүү оппозиция үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Биз аларга негизги комитеттерди бердик, алар аркылуу жөнгө салып жана таасир кылууга болот. Ал эми алардын иштегиси келбей жатканы жана иштебей жатканы – бул эми өздөрүнүн иши. Аянтча бар, оппозициячыл болуп, туруктуу позицияны ээлөөгө эч ким тыюу салбайт.

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери:

-Оппозиция бюджет жанан укук тартиби боюнча комитеттерди, БШК мүчөлүгүнө, эсеп палатасына квота алды. Бүгүнкү күндө парламентте оппозиция бар. Бирок ал радикалдуу эмес, бүгүнкү күндө оппозиция конструктивдүү. Туура эмес кадамдар болсо, алар өз сөздөрүн айтыша , а биз аларды угабыз. Коалиция менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү диалог бар.
Сайдулла Нышанов, «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары:

- Албетте, конструктивдүү диалог бар. Өлкө жана саясатчылар үчүн эң башкысы макулдашуу, өзгөчө парламенттеги коалиция менен оппозициянын ортосунда. Бул парламенттин өзгөчөлүгү, көпчүлүк коалициясы менен азчылык коалициясы бири бирин түшүнүп турат, керек болгон жерден колдоп да, орун да берип турат.

-Учурдагы аткаруучу жана мыйзам чыгаруу тандеми канчалык деңгээлде туруктуу? Учурдагы өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?

Канат Исаев, «Кыргызстан» фракциясынын лидери:

-Өкмөт, аткаруучу катары баардыгын көрө билбейт, кызматкерлер ишти ийнине жеткире албаган учурлар бар. Бизде болсо, эл өкүлдөрү катары көбүрөөк маалымат бар, биздеги жаңы маалыматтарды өкмөткө жеткиребиз. Эгерде өкмөт аткарбай койсо, биз анны алмаштырабыз. Эртеби, кечпи баардык талаптарга жооп бере ала турган өкмөт келет.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери:

-Өмкөттүн тез алмашып туруусу пайда алып келбейт. Өкмөт курамы көбүрөөк иштеп берсе дейсиң, бирок бул нерсе өздөрүнө байланыштуу. Каалоо болсо баардык көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Азырынча учурдагы өкмөттүн ишине баа берүүгө али эрте, оор мураска туш болду. Ошол эле Балыкчы-Корумду жолу мисал боло алат. Мындан тышкары, ипотекалык насыя берүү көйгөйү. Башынан эле программа чийки болгон. Ал финансылык жана укуктук базага ээ эмес эле. Ошондой эле Бажы биримдигине кирүүгө даяр эместиктен келип чыккан көйгөйлөр. Саясий жактан алганда чечим туура эле болгон. Ал эми техникалык жана практикалык жагын өкмөт иштеп чыккан эмес,бул биздин өндүрүүчүлөргө кедергисин тийгизип жатат.

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери:

-Мен бир жакшы тенденцияны байкадым: өкмөт сынды туура кабыл алып жана ага ыкчам көңүл бура баштады. Премьер жана өкмөт бизге жагат, бирок учурда саясий сезон эмес.

Сентябрда социалдык-экономикалык абалды байкайбыз. Ошонун негизинде баа беребиз.

Сайдулла Нышанов, «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары:

-Бул өкмөттүн шансы бар, себеби өкмөткө мынчалык колдоо көрсөтүлгөндүгүн мурда көргөн эмесмин. Аларды прездент дагы, парламент жана оппозиция да колдоп жатышат. Сентябрда биз баа бере алабыз, ал кезде кыш мезгилин даярдык маселелери жаралат. Премьер жөнөкөй адам эмес, ал командада иш алып бара алат, тажрыйбасы мол жана ал ката кетирбейт.

-Биринчи сессиядагы Сиздин фракциянын башкы жетишкендиги кайсы?

Канат Исаев, «Кыргызстан» фракциясынын лидери:

-Парламентке келип, биз Кайыңды чубалгы заводунун маселесин көтөрдүк. Тилекке каршы, эч кандай жылыш болбоду. Ошондой эле биз травертин маселесин көтөрдүк. Бул жаатта бизде түшүнүксүз саясат жүргүзүлөт. Биз экономика министрлигине бир ай ичинде ташты кайра иштетүү жаатындагы ишканаларды жакшыртуу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасын бердик. Мисалы, биз үчүнчү өлкөлөрдөн таш ташып келүүгө жана чийки затты ташып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуш кылдык. Башкача айтканда, эгерде коңшулар булл жаатта иштөөнү кааласа, ишканаларын бул жакка көчүрүп келип иштесин.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери:

-Эң башкысы – өлкөдөгү стабилдүүлүк. Бул биздин фракциянын жана жалпы парламенттин жетишкендиги.

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери:

-Биз МТС боюнча өкмөттүн буйругуна жетиштик, бүгүнкү күндө ал иштеп жатат. Оң рулдуу таксилерге тыюу салууну жоюу боюнча мыйзам кабыл алууга жетиштик. Аймактарга чыгып жаткан медициналык топторду уюштурууга жетиштик. Мен жасаган иштерибиздин бир канчасын эле атап өттүм. Биз көп убада бергенбиз, баардыгын дароо бир мезгилде аткаруу мүмкүн эмес, бирок алардын үстүнөн да этап менен иштеп жатабыз.

Сайдулла Нышанов, «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин оруе басары:

-Биз башкалардай болуп тону томкоруп жиберүүнү убада кылбастан, чыныгы жеткиликтүү нерселерди убада кылган элек. Кадам артып аларды ишке ашыруунун үстүндөбүз. Биздин программага тиешелүү көптөгөн мыйзам долбоорлору парламенттин кароосуна киргизилди, мисалы, жерди трансформациялоо маселесин көтөрдүк, булл демилге колдоо тапкандай.

-Сиздин пикириңиз боюнча «Кумтөрдүн» мындан аркы тагдыры кандай болот?

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери:

-Менимче, булл маселени аягына чейин териштирип чыгуу зарыл. Макулдашууга эки ирет олуттуу оңдоолор киргизилди. Бирок мен билбейм, чече алабызбы, жокпу. Акыркы макулдашууну конституция менен бекиттик. Азырынча белгисиз, мен ойлойм, президент ишти аягына чыгарат.

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери:

-Бешинчи чакырылышта биз жакшы эле аракет кылдык, бирок тыянак чыкпады. Ар кайсы фракция ар башка нерсени айтып туруп алышты, башкасы улутташтырууну жактады, өкмөт 50/50 деди, кийин булл демилге мамлекеттики экендиги ачыкталды. Менимче, президент бул маселеге олуттуу киришти, эми ал ишти аягына чыгарат. Менин оюм боюнча 2003-жылдын тарыхын көтөрүп чыгуу абзел. Дал ошол кезде долбоор реструктуризацияланган, 61%дан биз 16%га чейин түштүк. Анан кайра 2009-жылы эптеп 32%га көтөрдүк.


Сайдулла Нышанов, «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары:

-Бул маселе бир нече жылдан бери абаада калкып келет, аны кантип чечүү керек экендигин тили чыккан баладан өйдө айтып жатышат. Мен бир нерсе айта алам, бул жакта тартип келтирүү керек, биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынуусу керек.


Поделиться новостью: