Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева кайрадан суракка чакырылды
Дата: 17:11, 09-08-2019.
Бишкек. 9 - август. КирТАГ – Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
«Бүгүн Кундуз Жолдубаеваны «Барымтага алуу» беренеси боюнча күбө катары кайрадан суракка чакырылды», - деп жазды Жоошев Facebook баракчасына.
Адвокаттын айтымында, тергөөчү мурунку президенттин кеңешчисинен такталбаган тергөө документтерине кол коюусун талап кылган.