КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:09 | 20 чын куран

Парламенттеги акыйкаттуулук: каза болгон депутаттын үй-бүлөсүнө компенсация катары 10 млн сом жана көп балалуу үй-бүлөгө 464 сом

Дата: 16:29, 25-09-2013.

Бишкек. 25  сентября. КирТАГ – Альбина Метерова. Биздин өлкөдө мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланып бараткандай, өзүбүз добуш берген, биз тагдырыбызды колдоруна карматкан бийлик өкүлдөрүнүн эл менен иши жок, элдин кызыкчылыгынан мурда өздөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюшат. Биздин чиновниктер трибунадан өлкө келечеги үчүн жүрөгү ооруй тургандыгын жана эл дегенде жанын берээрин айтып, кыйкырып чыгып жаткандыгы жөн гана «шоу». Ал эми биз, жөнөкөй калк кээде ошол бийлик төбөлдөрүнүн айткан кептерине ынангансып, чындыгында бийликтегилер элдин келечегине кам көрөөрүнө ишенип кала беребиз.

Тилекке каршы, сөз менен иштин дал келбегендиги айкын көрүнүп жатат. Буга көптөгөн мисалдар бар. Бул жолу ошол көп мисалдын бирөөсү гана жетиштүүдөй.

Кечээ этика жана регламент боюнча парламенттик комитет «4 чакырылыштагы «Ак Жол» партиясынын депутаты Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү тууралуу» маселени карап чыгышты. Комитет жыйынында талаш-тартыш кептер айтылып, өзгөчө Жогорку Кеңештин айымдарынын ортосунда чыныгы жаңжал чыкты.

Жыйындын  жүрүшүндө парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева кесиптештерине берген маалыматы боюнча, жайкы эс алууга чыгаар алдында, парламент жыйынында Санжар Кадыралиевдин энесине баатыр-эне макамын берип жана материалдык компенсация бөлүп берүү тууралуу токтом киргизилген.

«Бирок добуш берүү аяктаган соң көптөгөн депутаттар эмнеге добуш бергендерин түшүнбөй да калышкан жана чечимди кайрадан жокко чыгарууну талап кылышкан. Бул жерде 10 млн сом бөлүү тууралуу кеп болуп жатат», - деди депутат.

Буга нааразы болуп, каза болгон депутат Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы - Ыргал Кадыралиева кесиптештеринин мындай кылганына нааразы болуп чыккан.

«Анын уулу ата мээримин көрбөй өсүп жатат. 10 млн сом тууралуу кеп болуп жатканын мен ЖМКдан окуп билип калдым. Бирок мен расмий түрдө компенсациядан баш тарма, андан көрө ошол каражаттар бала бакча курулушуна же башка балдар мекемесин курууга жумшалсын», - деп айткан эл өкүлү жыйындар залынын эшигин тарс жаап, басып кеткен.

Маселени талкуулоо муну менен эле аяктап калган жери жок, добуш берүү алдында депутаттар токтомдун мазсуну колдоруна берилбегендигин, демек, бул жерде чаташтыруу аракети болгондугун айтып чыгышкан.

Ошол жерден Эркингүл Иманкожоева, чындыгында эле добуш берүү алдында таанышуу иретинде берилүүчү токтомдун каякта экендигине кызыккандыгын эсине түшүргөн. «Бул маселе боюнча токтомдун депутаттардын колунда жок экендигин Кадыралиева билген. Ал бул маселени акча үчүн алып чыгууну көздөгөн. Ыргал айым акча тууралуу түшүнүгү жок экендигин айтып жатат. Бирок бул карандай калп», - деген ишенимде Э. Иманкожоева.

Анын колдогон депутат Майрамкүл Тиленчиева белгилеп өткөндөй, Ы. Кадыралиеванын агасы – Санжар кызмат өтөп жатканда каза болгон эмес. «Бул баарына белгилүү болгон «криминалдык талаш-тартыштар эле. Эмнеге мен колумда документ жок болуп туруп добуш беришим керек? Эгерде баары мыйзам чегинде болсо мындай шашылыштын кажети бар беле? Өкмөт ар бир тыйынды санап жаткан мезгилде 10 млн сом тууралуу кеп болуп жатса комиссия иш алып баруусу зарыл эле», - деп түшүндүрдү ал.

Асия Сасыкбаева баса белгилегендей, Кадыралиева компенсацияга көңүлкош мамиле жасап жаткандыгы баары бир көйгөйдү чечпейт, себеби маселенин этикалык тарабы калып жатат.

«Бул карандай калп. Эмнеге биздин депутаттар мындай кадамга барышат? Эмнеге Акаев менен Бакиевдин тушундагыдай баардыгы шашылыш жасалат? Парламенттин палатасы маселенин этикалык тарабын жана Кадыралиеванын жүрүм-турумун кароосу керек», - деп сунуш кылды ал.

Парламент иш башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кожомкулов түшүндүргөндөй, кеп бир жолку 4 миллион 945 миң сом бөлүү тууралуу болуп жаткан. «Ал эми ай сайын төлөнө турган компенсациянын көлөмүн иш башкармалыктын жана профсоюз өкүлдөрүнөн турган комиссия аныкташы керек эле», - деди Кожомкулов.

Белгилей кетсек, талаш-тартыш жүрүп жатканда Ы. Кадыралиева өзү мүчө болгон социалдык саясат боюнча комитетке келип, кайнап турган жинин социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевден чыгарган. Анын себеби, келишимдик негизде окуган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мекеме тарабынан жөлөк пул төлөнүп жатышы.

«Сиздердин сөзүңүздөр боюнча, 2260 студенттин ичинен 534 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары келишимдик негизде билим алышат, анда алардын ата-энеси аз камсыз болгондордун тизмесинде болуп туруп, окууга акчаны кайдан алып жатышат?», - деп биринчи суроосун узатты Ы. Кадыралиева мекеме башчысына.

Ал эми К. Базарбаев ал үй-бүлөлөрдүн бардык тийиштүү документтери колунда экендигин түшүндүрүүнүн аракетин көрдү.

«Демек, алар өз кирешелерин жашырып жатышат, алар справкаларды коррупция жолу менен алышкан, же документтерди айыл өкмөт башчысынын туугандарына берилген», - деп кебин уланта берди Ы. Кадыралиева.

Депутаттын экинчи суроосу афган согушунун депутат-ардагерлерине берилүүчү жөлөк пулдар тууралуу болду.

«Эң аз дегенде 30 миң сом маяна алган депутаттар, 10-20 миң сом өлчөмүндө мамлекеттен компенсация алышат», - деп нааразы болду депутат.

Анын пикири боюнча, социалдык өнүктүрүү министринин колунда, алар афган согушу жүрүп жатканда согуштук аракеттерге чындыгында эле катышкандыгын тастыктоочу түзмө-түз далилдери жок.

«Алардын арасында болгону 1 айдан кызмат өтөгөндөрү, согуштун аяктаганын чек арадан угуп кайткандары да бар, менин эсептөөлөрүм боюнча алар бүгүнкү күнгө чейин 2 млн сом алып болушкан», - деп айтты Ы. Кадыралиева.

Каарданган депутат айым баткен чатагынын катышуучуларын да кеп кылып өттү.

«Белгилүү болгондой, сиздер баткен окуяларына катышкан 5 миңдей жаранга компенсация төлөйт экенсиздер, эмнеге? Алардын 6 же 26 боевиктер менен согушканы үчүнбү?», - деп нааразычылыгын билдирди Ы. Кадыралиева.

Социалдык саясат комитетинин башчысы Дамира Ниязалиеванын эпке келтирүү аракетине карабастан Ыргал Кадыралиева жөлөк пулдар тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген жок.

Депутатка эмнеси жакпай калгандыгын так айтуу оорчулук жаратат; аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бериле турган 464 сом ушунчалык көп көрүндүбү, же «Мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу мыйзам» жакпай калдыбы? Же болбосо депутат Ыргал Кадыралиеванын кесиптештери анын үй-бүлөсүнө компенсация бөлүп берүүнү каалабагандыгы үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жөлөк пулдан куру жалак калышабы?

Ар бир мыйзам жолундагы салык төлөөчүнүн оюна көптөгөн суроолор келет. Алардын арасынан ойго биринчи келгендерин үлгүлөөнү аракет кылып көрөлү.

Эмне үчүн элдин добушу менен бийликке келген депутатты бала бакчалардын тартыштыгы, мектеп жана ооруканалардын абалынын начардыгы сыяктуу маселелер түйшөлтпөйт? Эмнеге депутат мандатын колдонуп өз үй-бүлөсүнүн каржылык көйгөйүн чечүүнүн аракетин көрүп жатат?

Түйшөлткөн суроолордун дагы бири: депутаттык мандатка жана ыйгарым укуктарга ээ болуу бактысынан куру калган жөнөкөй жарандар өз укуктарын кантип коргошот, компенсация алуу үчүн кандай жол менен күрөшө алышатт, же аларга колдоо зарыл эмеспи? Ал эми келишимдик негизде билим алышкан 534 студенттерчи, аларга бериле турган 460 сом аз болсо да бир аз колдоо болуп берет беле?.

Кандай болсо да, калайык калктын эсине дагы бир ирет салып кетчү нерсе, «депутат» сөзү латын тилинен алганда deputatus - өкүл, элчи дегенди билдирип, бир топ жарандар тарабынан шайланып, бийлик органдарына тандалган адамды билдирет. Эл тарабынан шайланган депутаттын эң биринчи максаты – баардык түзүмдөрдө шайлоочу-жарандардын кызыкчылыгын, ошондой эле алардын  Конституция жана мыйзам тарабынан бекитилген  укуктарын коргоо.

 

 

Поделиться новостью: