КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:55 | 20 чын куран

Оболу өзүң оңол, сөздөрүң өтүмдүү болот, андан соң башканы оңо, айланып кадыр-барк конот…

Дата: 16:34, 29-10-2014.

Бишкек. 29-октябрь. КирТАГ- Кайыргуль Урумканова. «Ата-Мекен» фракциясы энерготармактагы коррупциялык схемаларга катышы бар чиновниктердин аты-жөнүн жарыялады. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин чиновниги жапайы жаныбарларды атууга уруксат берүү үчүн пара талап кылган. Нарын «Сууканал» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары 202,3 миң сомду коротуп жиберишкен. Балык чарбачылыгы департаментинин ишмердүүлүгүндө дээрлик 25 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Окуп отурган адамга криминалдык жаңылыктардын топтомундай эле туюлат. Бул сыяктуу жаңылыктар күн сайын расмий булактардан ЖМК дарегине түшүп турат. Ачылган коррупция фактысын жазып чыгуу ар бир өзүн сыйлаган журналисттин милдети. Бирок бул факт өлкө башчысын тынчсыздандырып келет. Алмазбек Атамбаев кезектеги туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында бул тууралуу мындай кеп козгоду.

«Кыргызстандын имиджинин ушундай экенине бир гана паракорлор эмес, биздин журналисттер да күнөөлү. Каалаган чет элдик интернет-сайтты ачып окуп көрүңүздөр, бир дагы өлкө, коңшу өлкөлөр, керек болсо африка өлкөлөрү дагы биздикиндей өз өлкөсүн каралап жазбайт. Биздеги сайттарга, гезиттерге көз жүгүртсөң: Кыргызстанда баары начар,жашоо коркунучтуу, коррупция гүлдөп өсүүдө, мындай болгон эмес. Бул өз өлкөсүн, чындыкты сыйлабагандыка жатат», - деп белгиледи өлкө башчысы.

Өлкө башчысы имидждин начардыгына журналисттерди күнөөлөп, ыйманга чакырды. Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы, президенттин бул айткандары баардык журналисттерге тиешелүү эмес экендигин түшүндүрүүнүн аракетин көрдү. Ал эми кээ бир орус тилдүү журналисттердин пикири боюнча, президент алар тууралуу кеп козгобостон кесибин жакшы билбеген «кыргыз тилдүү басылмалар» тууралуу сөз козгоду. Бирок диктофонго жазылып калган президенттин сөзүн тыңшап көрсөк, Алмазбек Атамбаев жалпысынан интернет-сайттардын, газеталардын жана көбүнчө чындыкты, бирок жагымсыз жаңылыктарды жазган журналисттер жөнүндө айткан.

Маселе мамлекет башчысынын прессаны сындагандыгында же тескерисинче сыйлык бергендигинде эмес. Иштин баары президенттин ою боюнча, апрель революциясынан кийин 4 жыл аралыгында коррупция менен күрөшүү алыска кеткен.

Мамлекеттик кызматкерлердин коррупция менен канча күрөшпөсүн, редакцияларга жөнөтүлүп туруучу пара алгандар тууралуу маалыматтардын агымы азайган жок. Коррупцияга жарыяланган күрөш ордунан жылбай калганы ачык болуп калды.

«Ата-Мекен» фракциясы кечээ күнү мурда коррупция менен кармалып жана айыптуу болуп табылып, кийинчерээк кайрадан энерготармактардагы жетекчилик кызматтарга дайындалгандардын аты-жөнүн элге жарыялаган.

Фракциянын маалыматы боюнча, Качканкулов Бектурсун ( «Камбар-Ата» ГЭС-2» ААК
Башкы директору) башында турган «Электр станциялары» ААК жана «Нарынгидроэнергострой» ААК жетекчилиги, Бакиев Осмонбек («Электр станциялары» ААК башкы директорунун орун басары), Кайбалиев Аскаралы («Электр станциялары» ААК башкы директорунун орун басары), Худайбердиев Акбаралы («Камбар-Ата ГЭС-2» ААК башкы директорунун орун басары жана Качкынбаев Осмон («Нарынгидроэнергострой» ААК техникалык директору) ар кандай «максимдин» жана «ширшов» схемаларын колдонуу менен бөлүнгөн каражаттарды жалган фирмалардын эсебине которушуп, анын эсебинен мамлекетке 1 млрд 230 млн сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

Көпчүлүк коалициясына кирген фракциянын пикиринде, жетекчилик кылуучу кадрларды профессионалдык негизде карай турган, кадр саясатына көп көңүл бөлүү зарыл.

Жакында эле болгон мисал, энергетика министрлигине мурда сот жообуна тартылган энергетиктин келиши өкмөттү да, президентти да таң калтырган жок.

Ал эми кылмыш иши болсо 27 адамга козголуп, алардын арасында Кубанычбек Турдубаев башында турган «Чыгышэлектро» жетекчилиги да бар. Эми болсо министрликке келген Турдубаев, жаш кезинде ката кетиргендиги үчүн өкүнөөрүн, экинчи мындай иш кайталанбай тургандыгын айтууда.

Парламентте болсо жыл сайын кабыл алынып жаткан амнистия жөнүндө мыйзамдар чиновниктерге пайда гана келтирип, күнөөсү далилденгенине карабастан бошоп кетип жатышат.

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинде каралган кээ бир нормалар бүткүл кылмыш-жаза мыйзамынын маанисине жооп бербейт. Мисалы, мал уурулук үчүн (КР КК 165-беренеси) келтирилген зыяндын суммасына жараша 3 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган, 10 000 сом өлчөмүндө пара алууга 8 жылдан 10 жылга чейин (КР КК 313-беренеси) эркинен ажыратуу каралган, ал эми миллиард сомдон ашуун зыян келтирген күнөөлүүлөр (КР КК 221-185-берене) анча чоң эмес айып пул төлөп же амнистияга кабылып кутулуп кетишет. Акыйкаттык кайда?», - деп демократтар суроо салышат.

Маселе абада калкып калды, тагыраак айтканда азыр эч ким көңүл бөлбөй жатат, буга караганда мамлекеттин имиджине зыян келтирип, чыркыраган чындыкты айткан журналисттерди тынчытуу маанилүүрөөк.

Ал ортодо электр жарыгына болгон тарифтер өсөт, жылуулукка болсо баалар көтөрүлдү. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери азык-түлүкө болгон баалар 5%га өстү. Буудай унунун жогорку жана биринчи сортунун баасынын 6,9% жана 8,5%га өсүшү менен негизделген нан азыктары жана крупанын баасы 7,2%га өстү.

Доллар да укмуштуудай ылдамдык менен өсүп жатат. Бүгүн эле Бишкектин акча алмаштыруу пункттарында АКШ доллары 59 сомдон сатылган. 1 литр бензин баасы 50 сомдун тегерегинде.

Жыл башынан бери өспөй турганы эле мамлекеттик кызматкерлердин маянасы. Ал эми жеке компаниялардын кызматкерлери инфляциянын өсүүсү менен айлык акынын көтөрүлүүсүн унутушту. Себеби баалар менен бирге салыктар да өсүп жатат.

Бирок бул тууралуу жазып, падышанын каарына калгандан Кудай өзү сактасын…

Поделиться новостью: