Кыргызстан үчүн бажы биримдиги: саясий суверинитеттен арылуубу же экономиканын өсүшүбу?

Дата: 13:04, 11-03-2014.

Кыргызстандын Орусия, Казахстан жана Беларусия биримдигине кирүүсү менен ансыз да алсыз экономика талкаланып, андан соң Орусия тараптын саясий үстөмдүгү күчөйт деген кооптонуу каршыларда бар. Колдоочуларда болсо, айыл чарба продукцияларды сатуу рыногу кеңейип, жаңы инветицияларды тартууга өбөлгө болот деген үмүт күч. КирТАГ кайрадан Бажы биримдигине кирүүдөгү пайда жана тобокелчиликтер боюнча серепчилерге кайрылып көрдү.

Искендер Шаршеев, экономикалык серепчи:
-  Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстанда биринчиден баалар 20 пайызга өсөт. Анан айыл чарба продукцияларына баалардын төмөндөтүлүшүнун өзү парадокс. Арзандоодон сөзсүз дароо эле дыйкан фермерлер жабыр тартышат. Андан кийин, биз Бажы биримдигине расмий кошулаар замат Орусия тараптан Кыргызстандын саясатына ачык үстөмдүк кылуу башталат.

Казахстандын мисалында Бажы биримдигине кирүү канчалык деңгээлде жаман экендиги көрүнүп турат. Казахстанда абдан көп ишканалар банкрот болуп, казактардын супер дүкөндөрүндө Орусиянын товарлары көбүрөөк сатыла баштады. Ушул эле көрүнүш Кыргызстанда да кайталанат. Анын үстүнө Кыргызстандык мигранттарга болгон мамиле деле ошол бойдон калып,  Орусиянын миграциялык саясатында жеңилдетүүлөр кутүлбөй, мигранттарыбыздын абалы оор бойдон калмакчы. Анткени, Кыргызстан Бажы биримдигине расмий кирген учурда деле Орусияга кирүү виза аркылуу гана аткарылат. Андыктан кыргызстандыктарга Орусия жана Казахстанда жеңилирээк болот деген курулай гана сөз.

Мирбек Асангариев,  «Реформа» партиясынын жетекчиси:

-  Биринчиден, бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн импорттун чектелиши, биздин мамлекетке алынып келинип жаткан товарларга жана сырьего болгон баанын өсүшү. Биздин жергиликтүү товарлардын атаандаштыгынын жоголушу, экономика тармагында өз алдынча чечим чыгарууга карата бөгөт.  Кандай гана экономикалык чечим болбосун бажы биримдигинин мүчөлөрү менен макулдашууга мажбур болобуз. Андан ары бул саясий суверенитеттин жоголушуна алып келет.

Экинчиден, Бажы биримдигине кирүү, Кыргызстандан экономикалык түзүмү кескин өзгөчөлөнгөн өлкөлөр менен интеграциялашууну билдирет. Анткени, алардын экономикасынын негизин энерго алып жүрүүчүлөрдү экспорттоо түзөт. Ал эми бизде тескерисинче, ички дүң продукциянын негизги үлүшү тоо кен иштетүү, соода жана тейлөө түзөт. Ал эми саясий, Бажы биримдиги бул - диктаторлор клубу жана дал ушул саясий лидерлерден негизделген долбоор. Алар бийликтен кеткенден кийин эмне болоору белгисиз.

Чын чынына келгенде, экономикалык долбоор эмес эле, Мосваданын саясий демилгеси. Бажы кодексинин 92% тарифи бул - Орусия Федерациясынын кызыкчылыгы экендигин баардыгы эле билет. Андыктан эч кандай тең укуктуу катышуу болушу да мүмкүн эмес. Эгерде биз бажы биримдигине кирсек бул өтө чоң катачылык болот. Анкени, Бажы биримдигине кирген башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын экономикасы өтө эле алсыз болгондуктан бизге оор жана татаал болот.

Жумакадыр Акенеев, экономист:

- Биз Бажы биримдигинде экендигибиздин өзү де факто. Бирби эки бут мененбизби биз ошол жактабыз. Албетте бардык суроолорду чечип, жумшартуу жаздыгыбызда даярдап алганыбыз оң. Бажы биримдигине киребизби же жокпу экспортту сактай албай калдык. Ал биз чектешкен өлкөлөр менен гана сакталышы мүмкүн. Мисалы, Таджикстан жана Өзбекстан менен. Ал эми, Орусия, Беларусь жана Казахстан экспортко жолду бууп койушат. Алар Кыргызстанда жасалган товардарды ошол эле бардык жоболордун негизинде гана койо берет.

Ал эми, биз Бажы биримдигине кирсек, көмүргө болгон тосмо ачылат. Күйүүчү май кошумча салыгы жок кире баштайт, дыйкан фермерлер өндүргөн товарларын кеңири рынокто сатуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Өндүрүш арышы ылдамдап, тоо кен иштетүү экономикасы алдыга жылып, экономикалык потенциалды өстүрүүгө шарт түзүлөт.

Эки жамандан кичирээгин тандаш керек. Эгерде биз өзүнө өзү ээ өлкө болгубуз келсе, биз өзүбүздүн экономикалык абалыбызды бекемдешибибиз керек. Болбосо биз Бажы биримдигине кирсек суверенитетибизди жоготобуз деп жатышат. Жалган, анткени Беларусь да, Казахстан да көз карандысыздыгын жоготкон жок.

Олег Панкратов, КРнын экономика министринин кеңешчиси:

- Бажы биримдигине кирүүнүн эң негизги пайдасы, Кыргызстан  чоң керектөө рыногунун бир бөлүгү болуп калат. Ал менен, ал өз продукциясын, жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды  ушул рынокто сатуу мүмкүнчүлүгүн алат. Биздин өлкөдө эң чоң бөлүктү сактаган реэкспортту сактап калсак болот. Бажы биримдигинде керектөөчүлөр көп болгондугуна байланыштуу, эң негизгиси мамлекет инвесторлор үчүн  кызыктуу болмокчу. Кыргызстан өзүнчө инвестор үчүн кызык эмес. Бул Кыргызстан үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн бир гана бөлүгү.

Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер, КРнын эмгек сиңирген экономисти:

- Кыргызстан аргардык өлкө болгондугуна байланыштуу, ушул тармакты өнүктүрүү керек. Калктын 62 пайызы аймактарда айылдарда жашашат. Демек айыл элине шарттар түзүлүшү керек. Бажы биримдигине кирсек, эт жана сүт азыктарын экспорттосок болот. Бүткүл дүйнөдө азыр экологиялык таза азыктарга маани берилип жаткандыгына көңүл бөлүнүп жаткандыгын эске алышыбыз керек. Биздин азыктар болсо, ушул бардык талаптарга жооп бере алат.

Экинчиден, соңку жылдары өндүрүштө, анын ичинде жеңил өнөр жайында белгилүү бир өсүштөр байкалат. Мына ушул тикмечилерди мындан да жогору денгээлге, бажы биримдиги рыногуна чыгуусун уюштуруп беришибиз керек. Албетте, мамлекет жеңил өнөр жай тармагын колдоого алуусу керек.

Бажы биримдигине кирүү, биздин мигранттарга дагы жаңы жеңилдетүүлөрдү берет. Учурда биздин 1 млн жакын атуулдарыбыз Орусия жана Казахстанда эмгектенишет. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз ишетешет.

Өкмөт Кумтөрдөн көз каранды ички дүң продукциянын өсүшү тууралуу катуу билдирүүлөрдү жасашат. Ал эми, Кыргызстандын ИДПна тийгизген мигранттардын салымына азыраак маани берилгендей.

Поделиться новостью: