КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:18 | 19 чын куран

Кыргыз премьер-министрлери каяктан келип, каякка кетип жатышат?

Дата: 15:42, 23-04-2014.

Премирилик постко келүү үчүн эң ыңгайлуу жол - Бишкек шаарынын мэринин орду болуп саналат.
Буга чейин министрлер кабинетин жетектеген үч адам ушул жол менен премьерлик постко келген. Борис Силаев 1995 жылдан 1998 жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. Пенсионерлер, шаардык муниципалдык траспортту алар үчүн бекер кылып койгондугугу үчүн экс мерди азыркыга чейин сыймыктануу менен эстешет. Убакыт өтүп ал жогорку кызматтарга көтөрүлө баштады. 1998 жылдын апрелинен 1999 апрелине чейин вице-премьер-министр, 1998 жылдын декабрында жана 1999 жылдын  апрель айында премьер-министрдин милдетин аткарган. Тактап айтканда, эки эле күн премьерлик креслодо отурган.

2000 жылы Б. Силаев Кыргызстандан Орусияга кеткен. Бир жыл өткөн соң ал Москва мэринин аналитикалык башкаруу бөлүмүнүн жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2002 жылдын май айынан баштап Москвада өкмөткө караган эл аралык департаменттин жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Учурда ал киши эмгек эргүүсүндө жана «Кыргызстан менен достук коому» атуу бүткүл орусиялык коомдун президентти болуп иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов мэрдин ордундагы Б. Силаевды алмаштырып, шаардык муниципалитетти 1998 жылдын аперлинен 1999 апрелине чейин, толук бир  жыл жетектеп, министрлер кабинетин башчысынын ордун брондоп турду деп айтсак да жарашат. Бирок анын самаганы кечирээк орундалды.

Бишкектин үчүнчү мэри болуп (2007 жыл октябрь октябрь - 2008жыл июль) Данияр Үсөнов иштеди. 2005 жыл марттан 2007 жылдын март айына чейин вице-премьер, андан кийин биринчи вице-премьерлик кызматка көтөрүлдү. 2009 жылдын январь айынан октябрга чейин президенттин аппаратын жетектеди. 2009 жылдын 21 октябрынан баштап премьер-министр болуп дайындалды. Бул жолу Данияр Үсөновдун жолу болбоду. 2010 жылдын 7 апрелдеги массалык толкундоого байланыштуу ал отставкага кетти. Ушуну менен Данияр Үсөновдун саясий карьерасы бүттү. Учурда Данияр Үсөнов сыртынан соттолууда. Башкы прокуратура өмүр боюу эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоону сурап жатат. Бүгүнкү күндө Үсөновдун жашаган жери белгисиз. Бир канча жолу анын Казакстанда жүргөнүн көргөндөр бар. Чын эле аны кармай албай жатабы, же жөн эле шылтоо кылып жатышабы - белгисиз.

Өкмөт башчы болу мүмкүнчүлүгү бир гана шаар мээрине берилген жок. Бирок премьрлик «майлуу сүттүү» кызмат болуп эсептелет эле. Бир канча премьер-министрлер мамлекет башчы болуп шайланган учурлар болгон. Качкын президент Курманбек Бакиев үч жыл боюуу министрлер кабинетин жетектеген. Кийин анын орудуна Николай Танаев келди. Ал 2005 жылдагы жоогазын революциясына чейин үч жылдай бул креслодо отурду. Анда Курманбек Бакиев президент болгонго чейин, өкмөттү жетектеп турду. Ал 5 жыл президент болуп иштеди. Апрель окуяларынан кийин Минскке качканга мажбур болгон. Ушул күнгө чейин Минскте жашап келет.


К. Бакиевге апрель окуяларынын боюнча кылмыш иши козголгон. Прокуртатура аны күнөлүү деп таап, өмүр боюуу түрмөгө кесүү тууралуу чечим чыгарган.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев эки жолу премьер-министрлик креслого отурган. Биринчисинде ал министрлер кабинетин сегиз ай жетектен. Экинчи ал Бакиевке окшоп президент болуп шайланганга чейин өкмөттү башкарып турган.

Ал эми Роза Отунбаева, убактылуу өкмөттү сегиз ай жетектегенден  кийин, референдум жолу менен мамлекет башчысы болуп шайланды.

Жөн калбай, Алмамбет Матубраимов да  президенттик креслону ээлөөгө бир канча жолу аракет жасаган. Бирок президенттик шайлоого чейин талапкерлигин алып салган. Ага да өкмөттү жетектөө буюрду десек болот. Бирок бир күн гана. Ал 1993 жылдын 13 декабрынан 14 декабрына чейин министрлер кабинетин жетектеди. Анын ордун Апас Жумагулов ээледи.

Медетбек Керимкулов 20 күн премьер-министр болуп иштеди. Анын креслосуна айыл чарба министрлигинин экс жетекчиси Искендербек Айдаралиев отурду.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери 20дан ашык  премьер-министр алмашты. Алардын арасында «Ар-Намыс» фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов да бар. Ал премьерлик постко (2005 жыл сентябрь 2007 январь) бир жарым жылдан ашык убакыт иштеди. Игорь Чудинов эки жыл премьер-министр болду. Ал  2010 жылы бийлик алмашкандан кийин кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана мамлекетке берилген насыяларды максатсыз колдонгон деген айып менен кармалган. Бир жылдан кийин сот аны актаган.

Ал эми Өмүрбек Бабанов премьерлик креслодо (2011 жыл декабрь   2012 жыл август) бир жылдай отурду. Кыргызстандын эң жаш өкмөт башчысынын саясий карьерасы, өзүнүн «Республика» саясий партиясын түптөөдөн башталган. Ал жөнүндө социалдык тармактарда, ал үйбүлөсүнө, япон тукумуна таандык акита-ину (Хатикого окшогон) итине, жана чоң чырга себеп болгон таза тукумдуу аттарына көп убактысын сарптайт деген ушактар жүрүүдө.

Жакында эле премьерлик кызматтан кеткен (2012 жыл сентябрь   2014 жыл март), түштүктү калыбына келтирүү дирекциясынын жетектеп $135 млнду максатсыз колдонгондугу менен кыргызстандыктардын эсинде калган Жантөрө Сатыбалдиев, жакын достору менен сүйлөшүүгө, китеп окууга, газетаны караганга, жадагалса өкмөттүн токтомдорун карап чыгууга да убактысы жетишпей жаткандыгына арызданган.  Эми анын арманы орундалып,  эмне кылам десе убакыт жетиштүү болуп калды.

Поделиться новостью: