КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:12 | 25 чын куран

Эски чапан же жөнөкөй мугалим, катардагы милиция жана инженер куруучуну бийлик кандай азгырды…

Дата: 13:24, 19-05-2014.

Өз калкын коргоо үчүн өмүрүн тобокелге салып, ден-соолугун жоготуп, бүгүнкү күндө, карыган ата -энелерибиздин жашоо үчүн, аргасыз, карылар үйүндө жүдөп, кыйналып жүргөн замандаштырыбыздын тагдырын, аянычтуу абалын, алар түшүнбөсө анан …. ким…..? Анткени мамлекет аларды камкордугуна алалган эмес.

Башка өлкөлөрдөн бакыт издеп кеткен мигранттардын көйгөйлөрүн, катардагы мугалим, милициянер жана куруучу билбесе, анда ким билмек эле. Бирок, бир партия менен депутат болуп, парламенттин жумшак креслосунда отуруп, кызматтык унаа, жардамчы, кеңешчи, айдоочу, бекер күйүүчү май жана бекер унаа каражаттары менен камсыздалгандан кийин, алар мурунку жашоосун, кыргызча айтканда «эски чапанын» унутуп койду көрүнөт. Анын үстүнө депутаттардын айлыгы, мурунку мугалим, дарыгер, милиционер жана инженерлердикине караганда кыйла жогору эмеспи. Мектепте, класстык доскада окуучулардын алдына сабак берип жатканын, кылмышкерди кармаганын жана курулуштагы ишчилерди жетектегенин көз алдына келтире алар бекен. Андан бери көп убакыт өттү. Ооматы келип депутат болуп шайланды. Алар, батир, унаа сатып алганга да үлгүргөн чыгаар. Бирок ага карабай, болгон сайын болсун дейби иши кылып, мындан да көп жеңилдиктерди каалап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында эски кесиптештеринин ордуна, депутат болуп шайланган Алишер Абдрахманов жана Ажибай Калмаматовдорго кызматтык батир берилген эмес. Эл өкүлдөрү жана депутат Нуркамиль Мадалиев да батирди ижарага алып жашашат. Кыязы депутаттык маяна жана башка жеңилдиктер алардын жашоосуна жетпегендей…


Ошондон уламбы айтоор, аянычтуу тагдырына нааразы болгон депутаттар, батирди ижарага алуу үчүн компенсацияны көбөйтүүнү талап кылып чыгышты. Алар «Бизге эки эсе акчаны көбөйтүш керек. Мамлекеттик адамдар 18 миң сомго батирди ижара алып жупуну жашап жатабыз», - деп чечим чыгарган. Айткандарын кыска убакыт ичинде ишке ашыруу максатында, айына батирдин ижарасы үчүн айына 18 миң төлөнүүчү компенсацияны 36 миң сомго көбөйтүү тууралуу долбоор даярдаган. Ар бир парламентарийге батирдин ижарасы үчүн эле, жылына 432 миң сом коротулат. Эгер үйсүз депуттардын талаптары орундалса, бул сумма 1 млн 296 миң сомду түзөт. Эгер Жогорку Кеңеш, өзүлөрүн байкуш сезген эл өкүлдөрү сунуштаган мыйзамды жактырса, анда автоматтык түрдө баатирди ижарага алып жашаган эл өкүлдөрүнүн баарына компесация жогорулайт. Окурмандардын маанайын чөгөрбөйлү деп мамлекетке канча чыгым алып келээрин эсептебей эле койдук.

Мына ушундай, алар өзүлөрүнүн милдеттери эмне экенин түшүнүп жетпей эле, эчтекеге жарабаган мыйзам долбоорун сунуштабай туруп, өзүлөрүнө жеңилдик талап кылып, мамлекеттин казынасын кемиргиси келип жатканына эмне дейбиз.

Жупуну жашоого нааразы болуп, чет элдик кесиптештертериндей автобус же шайтан арабада жумушка барып, өз чөнтөгүнөн унаасына май куйуп, элге кызмат кылууга арданып, намыстанган эл өкүлдөрүнүн балдарынын кызматтык унааларда тайраңдап жүргөнү туурабы…

«Шайтан арабада жүрүү биздин менталилететке туура келбейт», - деген эле бир жолу депутат Турсунбай Бакир уулу. Ал зыңкыйган унаа минүү менталитет экенин айтып, унаа каражаттарын жана керектелүүчү күйүүчү майды көбөйтүүнү сунуштаган. Өз эсебинен бензин куйууга аргасыз болуп жатканын айтып арызданган. Анын кесиптеши Нарынбек Молдалиев, кээ бир кесиптештеринин коомдук транспорттордо жүрүү тууралуу сунушун угуп аябай таң калган. «Биз коомдук коомдук транспортто жүүргөнүбүздү элестете албайм», - деп билдирген ала парламенттин жыйынында.

Ошодой эле СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, эгер депутаттар Кытай ШКУнун саммитине байланыштуу Кыргызстанга берген «кытай кадилак»тарына отура турган болсо, элден алыстап кетиши мүмкүндүгүн айткан жери бар. «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да, кызматтык унаалардан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан эле. Анын демилгесин депуттатар колдогон жок. Документтин автору партияга шайлоо учурунда, биринчилерден болуп кызматтык унаалардан баш тартып, башка кесиптештерибизге үлгү болобуз деп электаратка убада берген. «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин шайлоо алды убадасы жана азыркы аракеттери, «Ишим бүттү, эшегим суудан өттү» деген макалды эске салды.

Бул жерде чапандын кандай мааниси бар дешиңиз мүмкүн. Илгери өткөн заманда жөнөкөй чабан хан болуп көтөрүлүп, мурунку жашоосун унутуп, өзүн тааныбай калганда, бир акылдуу вазир анын маңдайына эски чапанын илип коет. Бийликке азгырылган хан эски чапанын көрүп, эсине келет. Акылсыздыгын аңдап жетет. Биздин депутаттар да жөнөкөй калктын арасынан чыкканын, элдин кожоюну эмес, эл кызматчысы экенин эске салуу үчүн парламенттин имаратынын киреберишине чабандын эски чапанын илип койсокпу? - деген суроо туулат.

Поделиться новостью: