КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:53 | 20 чын куран

Депутаттардын иш сапарына жана телефондук сүйлөшүүлөрүнө бир жылда бюджеттен 58 млн сом коротулат, а балдар уйундөгү ар бир ымыркайга болсо жылына 40 миң сомго жакын каражат бөлүнөт

Дата: 18:43, 21-05-2014.

Бишкек. 19 май. КирТАГ Мунара Боромбаева. Ай сайын депутаттардын ар биринин иш сапарына, телефондук сүйлөшүү, жана керектүү кеңсе товарларды сатып алууга 40 миң сом бөлүнөт. Жалпылап алганда бир жылда бюджеттен 58 млн сом каражат жумшалат.

Эл өкүлдөрүнүн керектөөсүн камсыздоочу токтом 2013 жылдын 14 февралында кабыл алынган. Жарлыкта парламент депутатынын ар бирине маяна жана башка керектөөлөрү үчүн кошумча дагы 40 миң сом каражат бөлүү каралган. Бул сумманы 120 депутатка көбөйтсөк жылдык сумма 58 млн сомду түзөт экен!

Ансыз деле өлкө капчыгында каражат тартыш болуп турганда, парламенттин ашыкча акча коротуп жатканы акылга сыйбаган көрүнүш.

Башка чет элдик коллегаларынан айырмаланып, биздин депутаттар шайтан арабага минүүгө намыстанып, жаңы үлгүдөгү унаалар менен жумушка барып, өзүлөрүн элита деп эсептешет.

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысы өлкөдөгү орточо иш акыга салыштырмалуу үч эсе жогору. Жакында эле «үй жайы жок» депутаттар батирди ижара алуу үчүн компенсацияны көбөйтүүнү суранган эле. Алардын пикиринде 18 миң сомго Бишкектен жакшы шарты бар батирди ижарага алуу кыйын. Ошондуктан бул сумманы 36 миң сомго көбөйтүүнү суранган.

Келиңиз жалкоолонбой эле, «эл кызматчыларына» ай сайын бөлүнгөн 40 миң сом акча кандай максаттарга жумшалаарын эсептеп чыгалы.

Ай сайын ар бир депутатка кеңсе товарларын сатып алууга 1 миң сом бөлүнөт, бир жылда бул сумма 12 миң сомду түзөт. Байланыш үчүн (эл аралык, шаар, тел.байланыш) айына 2,5 миң сом каралат, жылына эсептегенде бул сумма 27,5 миң сомго жетет. Алыскы, жакынкы өлкөлөргө болгон кызматтык иш сапарга 5 миң сомдон эсептесек, бир жылда 60 миң сомду түзөт. Жумушчу сапарларга байланыштуу транспорттук чыгымдар жана республиканын региондоруна учуу (учак билети, күйүүчү майлоочу материал, унааны ижарага алуу) үчүн ар бир сессия учурунда 7 миң сомдон бөлүнсө, бир жылда бул сумма 84 миң сомду түзөт.

Шайлоочуларды, элчилерди жана башка эл аралык өкүлдөрдү кабыл алуу, сувенир жана гүлдөргө – 1 миң сом, жылына 12 миң сом болот. Шайлоочулар менен жолугуу, тамактануу жана транспорт, байланыш, имаратты ижарага алуу, коомдук жардамчылардын кызматы эксперт жана башка чыгымдарга - 4,5 миң сом, жылына эсептегенде 54 миң сом каражат сарпталат.

Өлкө ичи жана жакынкы мамлекеттерге болгон кызматтык иш сапарларда депутаттардын айдоочуларына айына 7 миң сом бөлүнсө, кызматтык унаалар үчүн күйүүчү майлоочу майга айына - 10,5 миң сом; унаа тетиктери жана оңдоо иштери үчүн - 2 миң сом бөлүнөт.

Бул жерден жогорудагы суммаларга бир нерсени салыштыргым келип турат. Карылар үйүндөгү ар бир кишиге суткасына 100 сом гана тыйын бөлүнгөн.

Ошону менен бирге фракция жана депуттаттык топтордун өзүнчө фонду бар. Фракция жана депутаттык топтордун жыйынын жана мамлекеттик иш чараларды өткөрүүгө, сувенир жана гүл сыяктуу майда чыгымдарга айына10 миң сом бөлүнөт. Телефондук байланышка айына 5 миң сом, жылына эсептесек 60 миң сомду түзөт. Кеңсе товарларды сатып алуу жана жыйындарды өткөрүүгө 3 миң сом, же 36 миң сом; эксперттик адистерди алып келүү жана алардын жыйынтыгын угуу үчүн айына 75 миң сом, жылына эсептегенде 900 миң сомду түзөт.

Жыйынтыгында бир фракциянын бир айлык чыгымы 93 миң сом, бир жылда бул сумма 1 миллион 116 миң сомду түзөт. Тактап айтатурган болсок, 5 фракциянын бир жылдык чыгымы 5 млн 580 миң сомго  жетет.

Парламенттин комитеттеринин да өзүнчө фонду бар. Кеңсе товарлары жана ичимдик суу үчүн ар бир комитетке айына 1 миң сом бөлүнөт. Ошондо парламенттеги 14 комитет жылына 168 миң сом каражат коротот.

Докуменке ылайык, фонддо колдонулбай калган акчалар, башка иштерге сарпталат. Эгерде фонддун акчасы жетпей калса, анда эл өкүлдөрү өз чөнтөктөрүнөн төлөшөт.

Дагы бир айта кетчү нерсе, депутаттардын маянасы 30 миң сомдун тегерегинде, ошону менен бирге биз башында сөз кылган кошумча муктаждыктар үчүн аларга дагы кошумча 40 миң сом бөлүнөт. Андан тышкары депутаттардын убагы менен өзүлөрүн эркелетүү, эс алуу үчүн алып турган акчаларын унутта калтырбоо керек.

А балдар үйүндөгү ымыркайга болсо суткасына болгону 110 сом бөлүнөт.

Бул жерден эмнеге каржы министрлиги оорулуу балдарга, кары-картаңдарга, майыптарга, балдар үйүнө акча жетпей жатканда депутаттардын муктаждыгы үчүн каражаттарды аябайт деген суроо туулат.

Жакында эле депутат Дастан Жумабеков бала туулган ар бир үйбүлөгө 50 миң сомдон акча берүүнү сунуштаган. Бирок депутаттын сунушун кесиптештери колдогон жок. Бюджетте каражат тартыштыгынан улам эл өкүлүнүн сунушу ишке ашпай калды. Бир парламентарий бир жылда 6 млн сом коротуп жатса, жаңы туулган бөбөккө кайдан акча болсун?

Депутат Айнура Алтыбаева төртүнчү жана бешинчи  жана андан кийинки туулган балдарга жөлөк пулдун көлөмүн 300 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштаганда депутаттар жылына бюджеттен  1,7 млрд сом талап кылаарын айтып, бул сунушту да колдобой койгон.

Белгилей кетсек, «Көп балалуу үйбүлөлөрдү мамлекеттик колдоого алуу» мыйзам долбоорду 2012 жылы ишетлип чыккан. Бирок каржы министрлиги каражат жетишпейт деп арызданганынан улам, долбоор ишке ашпай калган. Бирок депутаттар өзүлөрүнө керектүү акчаны кайдан болбосун таап чыгат.

Кыргызстандан башка өлкөлөрдө, эки же андан көп балалуу үйбүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, тиешелүү жардам көрсөтүлөт. Мисалы Казакстанда ар бир балага төлөнүүчү жөлөк пул жана кийинки төрөлгөн балага каралган жөлөк пул жыл сайын көбөйтүлөт. Орусияда болсо экинчи бала төрөлгөндөн кийин ага каралган жөлөк пул менен кошо энеге да «эне акы» берилет.

Кыргызстанда эне-балага камкордук көрсөтүү азырынча мүмкүн эмес. Балким депутаттарыбызга ыйманга келип, алкымын тыйса келечекте бүл кыялдар орундалып калар… Ким билет… Муну убакыт көрсөтөт.

Поделиться новостью: