КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:21 | 23 чын куран

Бүдөмүк биометриа же түшүнүксүз тендер

Дата: 10:57, 08-08-2014.

Той да болот, тойдун да эртеси болот дешет,-кыргыздарда...Бирок, кыргызстандыктардын биометриасын же тагыраак айтканда өздүгүн аныктоо өнөкөтү баштала электе эле, акылга сыйбас оюндар башталгандай. Артында дагы деле, казынадан байып тойо электер тургандай сезим калат. Эмесе сөз башынан болсун...

Кыргызстандыктардын биометриасын чогултуу боюнча тендер жарыяланганы, 14 компания катышууга документтерин даяр кылышты. Бирок экинчи турунда жети компаниянын, алтысы баа саясатын ачыкташкан. Эң кымбаты француздардын “Жемальтосу” жабдыктарын 10 млн АКШ долларынан ашык бааласа, экинчи француз компаниясы “Обертюр” 5 жарым млн долларга кызматын сунуштады. Андан кийин, буга чейин бийликтегилер жерге сууга тийгизбей мактап жаткан, монголдордун “Интерактиви” 4 млн 792 миңге манжа мөөрлөрүн чогултуп берүүгө даярдыгын айтышып, Нидерландиядан келген “Смартматик” кызматын 3 млн 971 миңге баалаган. Ал эми, немецтердин “Гизике жана Девриенти” 3млн 881 миңге, эң арзан бааны дагы эле француздардын “Морфосу” 3 млн 69миңге манжа мөөрлөрдү чогултуп берүүнү убада кылды.

  Бирок, массалык маалымат каражаттарында “Морфо” кыргызстанды пилоттук долбоорго айлантууну көздөгөндүгү ачыкталып, техникалык жактан толук талаптарга жооп берүүгө жөндөмү жок экендиги, кызыктар тараптар көптүгү айтылып чыкты.

  Ошентип, күттүргөн тендердин жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык,
Жеңишке Германиянын “Гезике жана Девриент” ишканасы жетти. Сунуштаган наркы, Нидерландиянын “Смартматик” компаниясынан 90 миңдей, Монголиянын “Интеракивинен” 750 миңдей долларына арзан. (3млн 881миң жана 3млн 971 миң) Кызык суроо ушул жерде пайда болот. Эмнегедир, тендердин жыйынтыгын жарыялаган маалымат жыйынында мамлекеттик каттоо кызматынын стат катчысы,  экинчи орунга наркы боюнча эки компанияны секиртип туруп 5 млн-дон ашык каражатты талап кылган “Обертюрду” чыгарып койгондугу эмнеден кабар берет? Акырындаан иликтеп көрсөк бул ишканага мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Бакчиевдин түздөн түз тиешеси бар. Ал убагында, Максим Бакиевдин жакын санаалашы экендигин бардык эле гезиттер жазып чыккандыгынан кабарыбыз да бар.

  Андан ары дагы өтө кызыктуу жана ойго келбеген көрүнүштөр орун алды. Тендерге катышып, жеңишке талапкер болгон ишканалардын ишмердигин текшерүүгө жеке менчик “Хайтек Аудит” деген компания жүргүздү. Эмнеге? Бул кайдан чыккан уюм жана өлкөнүн коопсузудугуна, жеке жарандардын маалыматына тиешелүү саамалыкка алардын кандай тиешеси бар? Мамлекеттик деңгээлдеги маселени, Кыргызстандын келечеги көз каранды болуп жаткан өнөктүктү алып баруучу чет элдик компанияларды эмне үчүн эсеп палатасы же каржы министрлиги текшербейт? Мына мындай тизмектелген суроого, дагы эле Бактыбек Секимов мырза, “ВБ kg» «Вести kg» жана «24kg» сайттарындагы журналистерге  деп жооп берген. Ага ылайык, каржы министрлиги аудитти жүргүзүү тууралуу кайрылууга,  жеке кызыкчылыктар болушу мүмкүндүгүн айтып баш тартышкан. Эсеп палатасы менен деле ушундай, аудитти , каттоо кызматы өзү жүргүзүшү керектигин айтыптыр. Жыйынтыгында, эс алуу күндөрү иштегенге макул болгон жана баасы арзан “Хайтек Аудит” экен. Андай болсо дагы кайсыл көз карандысыз ишканага текшерүү жургүзүү сунушталгандыгы тууралу кабар эмнеге жок? Ушундай маанилүү иште, каржы полициясы менен эсеп палатасынын баш тартуусу акылга сыйабы? Балким аларга баш тарткыла деген буйрук келгендир?...Суроолор жоопсуз калып, “ит үрө берет кербен жүрө берет” болсо деле таң калбайм...
  Дагы бир өтө баса белгилей кетүүчү жагдай, дүйнөлүк практикада, паспорт  жасоого кызыктар ишканалар биометриканы чогултуу боюнча тендерге катышууга жолдомо ала албайт. Анткени биометрика чогултуу менен паспорт даярдоого өз кызыкчылыктарын мамлекетке байлап койушу мүмкүн. Бизде болсо тескерисинче, катышкан компаниялардын дээрлик көпчүлүгү биометрианы чогултуудан дагы кийинки этап болгон, паспорт даярдоону көздөйт. Бул Кыргызстанга боло берет деген мамилеби же дагы да кызыктар тараптардын оюнубу?

  Санай берсе, суроолор арбын. Тиешелүү жана жоопкер тараптарга дагы бир чоң суроо. КТРК менен ЭлТРден, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынан 31-августта биометриа чогултуу өнөктүгү башталап деп жарыя салынды. Эгерде, Кыргызстанда таанымал эмес, бирок Орусияда, Зинбабада, Инданезияда жана башка толгон токой мамлекеттерде  чыр чатагы менен таанымал “Гезике жана Девриент” компаниясы белгиленген мөөнөткө жетишпей калса (адистер дал ушундай божомолдошууда) экинчи аталган “Обертюр” биометриа чогулта баштайт. Бирок алардын сунуштаган наркы 5 жарым млн АКШ доллары. Андай болсо эмнеге, “Морфо”,  “Смартматик” же “Интерактив” эмес? Же тар чөйрөдө айтылган “Обертюрдун” Кулов менен Секимовго жана Бакчиевге тиешеси барбы? Кандай болгон күндө да, манжа мөөрлөрүн чогулткан жабдык өлкөгө 16-августта келип түшүшү керек. Туура 8 күн убакыт калды. Болбосо ооз көптүрүп сүйлөгөн биринчи-премьер-министрдин кызмат орду жылмышып кетиши да мүмкүн. Тагыраак айтканда, мамлекет башчысынын талабы убагында аткарылбаса, өзү дагы эл алдында Сарпашовдун кызматынан кетирем деген эскертүүсүн бергендигин эсиңиздерге сала кетейин. Бул жерде да суроо? Мына ушундай бүдөмүк биометриа жана түшүнүксүз тендер. Буга кошул ташыл, аудит жүргүзуп, бирдиктүү сервер сатып алуу боюнча тендерде дагы чыр чатактар орун алаары шексиз.  

Салыштырмалуу айта кетүүчү жагдай, тендердин биринчи этабында техникалык мүмкүнчүлүктөрү каралса, экинчи турунда баа саясаты гана каралышы керек эле. Бирок андай болбой дагы деле баш аламандык.

  Аудит жүргүзгөн чыр компания тууралуу төмөнкү шилтемеден окуңуз:
http://www.24.kg/community/184709-v-kr-pobeditelem-tendera-na-priobretenie.html

Ал эми, жеңишке жетишкен компаниянын кызыктарын бул шилтемеден тапсаңыз болот:
http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=29188&Itemid=80



Поделиться новостью: