Зилалиевдин банк ячейкаларындагы акчалар боюнча УКМК үн катты

Дата: 09:29, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Улуттук оопсуздук мамлекеттик кызматы экс-вице-премьер Дүйшенбек Зилалиевдин банк ячейкаларындагы акчалар боюнча түшүндүрмө  берди.

«УКМК Зилалиевдин акчасы боюнча «Оптима Банк»тын билдирүүсүнө төмөнкүдөй жооп берет. «Оптима Банк»экс-вице-премьер-министрдин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүндүгүн айтышты. Бул видео экс-вице-премьерге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө иш-чараларынын алкагында табылган",— деп айтылган билдирүүдө.

УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине тиркелгенин жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.

Ошондой эле УКМК видеодо көрсөтүлгөн акчаларды Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилеген.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Зилалиевди 9-декабарда камакка алган. Ага мыйзамсыз байыган деген кине тагылууда. Дүйшөнбек Зилалиевге декларацияда мүлкүн жашырганы үчүн кылмыш иши козголгон.

Зилалиев 2011-2017-жылдары бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Мамлекеттик мүлк фондун, Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигин жетектеген. Чиновник 2011-2016-жылдагы декларациясында 2 млн 541 миң 527 сом тапканын, аялы болсо 408 миң сом иштегенин көрсөткөн.

Бирок Зилалиевдин декларациядагы кирешеси текшерилгенде расмий декларацияда көрсөтүлбөгөн кирешеси аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Зилалиев мамлекеттик кызматта турган 889 миң 900 доллар иштеп таап, 2018-жылга чейинки каражаттарын коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөнү аныкталган.

Мындан тышкары аткаминер декларацияда кыймылсыз мүлктөрүн көрсөтпөй, Бишкектеги 34 млн жана 19 млн сомдук эки офисин туугандарына каттатып койгон.

Ошондой эле геология агенттигинде иштеп турганда ишсиз туугандарына кен казууга лицензия бергени айтылат.

Мындан тышкары Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев жашаган үйдү жана ага тиешелүү объектилерди тинтүүгө алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК буга Зилалиевдин банктагы  эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы маалымдалган.

Видеодон УКМК кызматкерлери Зилалиевдин Бишкектин 4-кичирайонунда жайгашкан беш бөлмөлүү батирин тинтүүгө алганын көрүүгө болот. Анын үйүнө  2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар накталай акча, кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар жана кызматтык күбөлүктөр табылган.

Ошондой эле ал "Ордо" VIP шаарчасына куруп жаткан баасы 400 миң долларлык турак жайыда  көрсөтүлгөн. Учурда ал үйдө ремонт иштери жүрүп жатат, ага 90 миң доллар сарпталган.

Мындан сырткары, Зилалиев Бишкектин чок ортосунда жайгашкан үч кеңсеге ээлик кылат.

Биринчиси Токтогул, 110 дарегинде жайгашкан кеңсеси 19 миллион 705, 35 миң сомго бааланган. Экинчиси Токтогул, 108 дарегиндеги бизнес борбордун 6-кабатында жайгашкан. Ал 30 миллион 600 миң сомго бааланды. Үчүнчүсү ушул эле бизнес борбордун 5-кабатында жайгашып, баасы 34 миллион сомду түзөт. Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу үйү бар.

Ошондой эле Зилалиевдин туугандары Кыргызстандагы алтын кен, акиташ жана башка бир топ кендердин ээси катары лицензия алган. Бишкекте жакын туугандарына катталган бир нече батир, жер тилке, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү да бар.

Зилалиевдин банк ячейкаларындагы акчалардын видеосу тарагандан кийин, акчаны сактаган “Оптима банк” ал видео 2017- жылы тартылганын билдирген. Банк Зилалиев акча сактоо үчүн төлөнүүчү банк акы төлөнбөй тургандыктан, каражаттарды ээсине жеткирүү үчүн атайын видеого тарткан.

Учурда Зилалиев УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Эске салсак, илалиев Биринчи Май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген. Басылмалар 2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнүн жазып чыгышкан. Маалыматты ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген.





Поделиться новостью: