Жума Кыргызстандын айрым райондорунда жамгыр жаайт, Бишкекте күн ачык
Бишкек. 24 – май. КирТАГ – 24-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул туурасында pogoda.kg билдирет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндуз 22…27;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.