Жума күнү Кыргызстанда кар жаайт
Дата: 08:28, 22-11-2019.
Бишкек. 22-ноябрь. КирТАГ – Жума күнү Кыргызстанда кар жаайт. Бул тууралуу pogoda.kg. маалымдады.
Абанын температурасы Чолпон-Атада +7°С, Караколдо +9°С, Нарында +3°С, Жалал-Абадда +8°С, Баткенде +5°С, Таласта +4°С.
Бишкекте күн булут болот. Абанын температурасы күндүзү +0°C.
Ошто күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +6°C.