Жогорку сот Каныбек Осмоналиевди актады

Дата: 15:10, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жогорку сот эс-депутат Каныбек Омоналиевдин акталган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу КирТАГга Жогорку соттук басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку сот парламенттин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиевди актады.

Жогорку сот, бүгүн 18-февралда Каныбек Осмоналиевге козголгон кылмыш ишин карады. Судья Османалиевга карата Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 15-октябрында чыгарган чечими жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 6-декабрында чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугун кылмыш иши  саясий негизде козголгонун билдирген.

Поделиться новостью: