Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигине Чынгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды

Дата: 13:01, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Жогорку Кеңештин депутаттары Тышкы иштер министрлигине Чынгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Айдарбековдун талапкерлигин жыйынга катышкан 101 депутат колдоду.

Буга чейин Айдарбековдун  талапкерлигин премьер-министри сунуштаган.

Белгилей кетсек, ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев бир жума мурун кызматын тапшырган.



Поделиться новостью: