Жогорку Кенеш чегара маселесин жабык карап жатат
Дата: 16:16, 23-01-2020.
Бишкек. 23 - январь. КирТАГ – Жогорку Кенеш өкмөттүн чегараны демаркациялоо жана делимитациялоо тууралуу маалыматын жабык угуп жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 23-январда Жогорку Кенеште депутаттар өкмөттүн чегараны демаркациялоо жана делимитациялоо тууралуу маалыматын жабык угуп жатат" - деп айтылат маалыматта.