Жогорку Кенеш Бишкек ТЭЦ боюнча убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды

Дата: 17:41, 17-05-2018.

Бишкек. 17 - май. КирТАГ – Альбина Метерова. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептерин иликтөө жана модернизация үчүн алынган 386 млн $ каражаттын туура колдонулушу боюнча ишти иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын жактырды.

Парламент депутаттары үч күнгө созулган талкуудан көпкө созулган талкуудан кийин, Бишкек ТЭЦ боюнча убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы жактырып, парламенттин токтомун президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле депуттатык комиссиянын корутундусу укуктук баа берүү үчүн башкы прокуратурага жөнөтүлмөй болду.

Мындан тышкары депутаттар башкы прокуратурага, УКМК жана Эсеп палатасына үч айдын ичинде текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгын Жогорку Кенешке алып келүүнү тапшырды.

Муну менен катар токтомго Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине мындан кийинки кредиттик келишимдерде кетирилген катачылыктарды эске алуу менен профилдик комиттерге сунуштоо киргизилди.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ТЕЦ модернизацияга, $386 млн сомдук акча  каражаттарды жумшаганына карабай аварияга учураган. Шаардыктар кыштын күнү бир канча күн тоңуп отурган. Жогорку Кенеште бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп,бир катар жооптуу жетекчилер камакка алынган.

Поделиться новостью: