Жогорку Кеңеште Катар менен аба каттамын жүргүзүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Дата: 16:33, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Жогорку Кеңештин жыйынында “2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн оротосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады. Аталган Макулдашууну ратификациялоо аркылуу эки мамлекеттин ортосунда түз аба каттамын жүргүзүүгө керек болгон укуктук-келишим базаны түзүүгө мүмкүн болот жана Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Талкууда КР Транспорт жана жолдор министри аталган ратификациялык мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки көрүлүүчү иш-аракеттер тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, 2-окууда каралган “2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору дагы 2-окууда каралып, добуш берүүгө жолдонду.

Бул мыйзам долбоорунун максаты 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Москва шаарында 2018-жылдын 15-мартында кол коюлган протоколдун мыйзамдуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат.

Поделиться новостью: